265-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · X БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2008 года № 1
Жогорку Кењештин Аппаратынын жооптуу кызматкерлерин кызматка дай- ындоо жана кызматтан бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Жогорку Кењештин Аппаратынын жана Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүм- дөрүнүн жетекчилерин жана алардын орунбасарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу ушул Регламенттин жоболорун эске алуу менен Жогорку Кењештин Аппаратынын жана Иш башкармасынын жетекчисинин сунуштамасы бо- юнча Жогорку Кењештин Төрагасынын тескемеси менен жол-жоболоштурулат. Жогорку Кењештин Аппаратынын жана Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүм- дөрүнүн кызматкерлерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен Жогорку Кењештин Аппаратынын жана Иш башкармасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин сунушта- масы боюнча Жогорку Кењештин Аппаратынын жана Иш башкармасынын жетекчи- синин тескемеси менен жол-жоболоштурулат. Жогорку Кењештин депутатынын консультантын жана жардамчысын кыз- матка дайындоо жана кызматтан бошотуу тиешелүү депутаттын сунуштамасы боюнча Жогорку Кењештин Аппаратынын жетекчисинин тескемеси менен жол-жоболоштурулат. Жогорку Кењештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда, Жогорку Кењеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурда жана Жогорку Кењештин депу- таттарынын жањы курамы шайланганда, депутаттардын жардамчыларынан, кон- сультанттарынан жана депутаттык фракциялардын бөлүмүнүн (секторунун) кызматкерлеринен башка, Жогорку Кењештин Аппаратынын жана Иш башкарма- лыгынын мамлекеттик кызматчыларынын иши токтотулбайт. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
265-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-265" title="265-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>