235-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2008 года № 1
Комиссия жүргүзүлгөн териштирүүнүн маалымдамасын, ошондой эле де- путатты кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндөгү маселени чечүүнүн долбоорун түзгөндөн жана жарыялагандан кийин Жогорку Кењештин жакын арадагы жый- налышынын күн тартибине киргизилет. Ушул маселени, ошондой эле сунуш кылынган чечимдин долбоорун каро- одо сунуштамадагы көрсөтүлгөн фактыларды гана интерпретациялоо баа берүү же тактоо менен чектелет. Чечимдин долбоору боюнча жарыш сөзгө маселени териштирүү жүргүзгөн комиссиянын баяндамачысы жана маселеси чечилип жаткан Жогорку Кењештин депутаты катышат. Эгерде Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси- нен кем эмеси ага добуш берсе, Башкы прокурордун же соттун (судьянын) сунуштамасын канааттандыруу жөнүндөгү чечим кабыл алдынды деп эсептели- нет. Жогорку Кењештин мындай актысы чечим түрүндө кабыл алынат. Башкы прокуратурага, сотко (судьяга) үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кењештин жүйөлөштүрүлгөн чечими жөнүндө кабар берилет. Жогорку Кењеш негиздердин болушуна жараша өзүнүн чечимин кайрадан карай алат. Депутатты жазык жоопкерчилигине, ошондой эле сот тартибинде салы- нуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүдөн Жогор- ку Кењештин баш тартышы кылмыш иши боюнча ушул депутатка карата өндү- рүштү же сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликти кара- ган укук бузуулар боюнча өндүрүштү жокко чыгарган жагдай болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же соту (судьясы) иш боюнча өндүрүш аяктагандан кийин үч күндүк мөөнөттө териштирүүнүн же ишти ка- роонун натыйжалары жөнүндө Жогорку Кењешке билдирүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
235-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-235" title="235-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>