232-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2008 года № 1
Жогорку Кењештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн акырына чейин кол тийбестик укугуна ээ. Жогорку Кењештин депутатын кылмыш, ошондой эле сот тартибинде са- лынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга, ал тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасалганды кошпогондо, Жогорку Кењештин макулдугу менен гана жол берилет. Жогорку Кењештин депутаты депутаттык ишине байланыштуу сүйлөгөндөрү же Жогорку Кењештеги добуш берүүнүн натыйжасы үчүн жана депутаттык статуска ылайык башка аракеттери, анын ичинен ыйгарым укук- тарынын мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча да куугунтуктоого алынбайт. Депутаттык кол тийбестик анын турак жайына, кызматтык жайларга, жүгүнө, жеке жана кызматтык транспорт каражатына, кат алышууга, ал пайдаланган байланыш каражаттарына, ошондой эле ага тиешелүү документтерге таркатылат. Жогорку Кењештин депутаты оор же өзгөчө оор кылмыш жасап жаткан жеринен кармалгандан тышкары учурларда кармалышы же камакка алынышы, тинтүү жүргүзүлүшү, суракка алынышы же жекече текшерилиши мүмкүн эмес. Бул учурларда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору бир күндүн ичинде депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кењешке сунуштама жиберет. Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кезексиз тартипте үч күндүн ичинде карайт. Эгерде Жогорку Кењеш Башкы прокурордун сунуштамасын үч күндүн ичинде карабаса, депутат Жогорку Кењештин депутаттарынын тобунун кепилдиги ас- тында бошотулат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
232-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-232" title="232-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>