190-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Келерки финансы жылына бюджетти кабыл алуунун жүрүшү Кыргыз Рес- публикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте башталат. Республиканын учурдагы жана болжолдонгон социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен, Жогорку Кењештин комитеттери Кыргыз Республика- сынын Өкмөтүнүн бюджеттик комиссиясы тарабынан өнүгүүнүн индикативдик планынын негизги көрсөткүчтөрүн эске алуу менен иштелип чыккан орто мөөнөттүү бюджеттик негизинде келерки жылга бюджеттин долбоорун иштеп чыгуу боюнча өз сунуштарын иштеп чыгышат жана аларды үстүдөгү жылдын май айынын аягынан кечиктирбестен бюджет маселесин тейлеген тийиштүү комитетке жөнөтүшөт. Бюджет маселелери менен иш алып барган тиешелүү комитет келерки жылга республикалык бюджеттин негизги багыттары (бюджеттик резолюция) жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыгат жана аны үстүдөгү жылдын 15-июну- нан кечиктирбестен Жогорку Кењештин кароосуна киргизет. Бюджеттик резолюция жалпы жонунан мамлекеттин бюджетинин андан ар- кы мезгилге артыкчылыктарын аныктайт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууга багыт болот. Жогорку Кењеш келерки жылга республикалык бюджеттин негизги багыт- тары (бюджеттик резолюция) жөнүндө токтомду 1-июлга чейин кабыл алат. Бюджеттик резолюциянын долбоорун кароодон мурда Жогорку Кењеш төмөнкү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угат:
1) үстүдөгү жылдын бюджетинин аткарылыш абалын;
2) кийинки 3 жылга бюджеттин орто моөнөттүү болжолун.
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
190-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-190" title="190-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>