158-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун дайындоого Кыргыз Республикасынын Президентинен сунуштама алынган күндөн тартып 14 жумуш күнүнөн кечиктирбестен макулдук берет. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сунушталган талапкер тиешелүү комитеттерде алдын ала талкууланат, алар ушул талапкер боюнча корутунду даярдайт. Талапкер комитеттердин жыйналышына чакырылышы мүм- күн. Жогорку Кењештин жыйналышыњда тиешелүү комитеттердин төрагалары депутаттарды сунушталган талапкер боюнча комитеттердин корутундулары менен тааныштырат. Талкуулоо процессинде депутаттык фракциялардын өкүл- дөрү катышат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызматына талапкер тал- куулангандан кийин жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет. Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал- ган адам Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызматына дайындоого макулдук алынды деп эсептелинет. Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Респуб- ликасынын Башкы прокурорунун кызматына дайындоого сунушталган талапкер Жогорку Кењеш тарабынан четке кагылса, Кыргыз Республикасынын Президен- ти кайра кароо үчүн жањы талапкерди сунуш кылууга укуктуу. Талапкерди кайра кароо Жогорку Кењеш тарабынан ушул статьяда белгиленген тартипте тиешелүү сунуштама алынгандан кийинки күнү жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызматына дайындоого ма- кулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Жогорку Кењештин макулдугу менен сот тартибинде салынуучу жазык же административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун жоопкерчи- ликке тартууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орунбасарынын тиешелүү сунуштамасы болгондо гана ка- райт. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орунбасарынын сунуштама- сын кароо үчүн ушул Регламентте каралган тартипте териштирүү боюнча комиссия түзүлөт. Аталган комиссия сунуштаманы алган күндөн тартып 21 күндөн кечик- тирбестен аны карайт. Зарылчылык болсо Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орунбасарынан кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун жазык жоопкерчилигине, ошондой эле сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени караган учурда, аталган ко- миссия Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орунбасарын, ошондой эле маселеси чечилип жаткан адамды угууга милдеттүү. Териштирүү боюнча комиссия тарабынан маалымкат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун жазык жоопкерчилигине, ошондой эле сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө маселенин чечиминин долбоору түзүлгөндөн жана жарыя кы- лынгандан кийин Жогорку Кењештин жакын арадагы күн тартибине киргизи- лет. Ушул маселени, ошондой эле сунушталган чечимдин долбоорун караган учурда сунуштамада көрсөтүлгөн фактыларды гана чечмелөө, аларга баа бе- рүү же тактоо менен чектелет. Чечимдин долбоору боюнча жарыш сөздөргө териштирүү боюнча комиссиядан баяндамачы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орунбасары, ошондой эле маселеси чечилип жаткан адам, де- путаттык фракциялардын өкүлдөрү катышышат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орунбасарынын сунуштама- сын канааттандыруу жөнүндөгү чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат жана ага Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын тењинен көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Бул акт Жогорку Кењеш тарабынан токтом түрүндө кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үч күндүк мөөнөт ичинде Жогорку Кењештин жүйөлөштүрүлгөн чечими жөнүндө кабардар кылынат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы иш боюнча өндүрүш аяк- таган күндөн тартып үч күндүк мөөнөт ичинде териштирүүнүн же ишти ка- роонун жыйынтыктары тууралу Жогорку Кењешке билдирүү жасоого милдеттүү. Жогорку Кењештин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун жазык жоопкерчилигине, ошондой эле сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүдөн баш тартуу сот тартибинде са- лынуучу административдик жоопкерчиликти караган кылмыш иши боюнча адми- нистративдик укук бузуулар боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдай бо- луп эсептелинет.
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
158-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-158" title="158-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>