155-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо жөнүндөгү маселени карайт жана Кыргыз Республикасынын Президен- тинин сунуштамасын алган күндөн тартып 14 жумуш күнүнөн кечиктирбестен чечим кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан тиешелүү комитеттерде сунушталган талапкер алдын ала талкууланат, алар ушул талапкер боюнча корутунду даярдайт. Талапкер комитеттердин жыйналышына чакырылышы мүм- күн. Жогорку Кењештин жыйналышында тиешелүү комитеттердин төрагалары депутаттарды сунушталган талапкер боюнча комитеттердин корутундулары менен тааныштырат. Талкуулоо процессине депутаттык фракциялардын өкүл- дөрү катышат. Талкуудан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалык кызматына талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет. Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ал- ган адам Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалык кызматына шайланды деп эсептелинет. Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Респуб- ликасынын Улуттук банкынын төрагалык кызматына сунушталган талапкер Жо- горку Кењеш тарабынан четке кагылса, Кыргыз Республикасынын Президенти жањы талапкерди кайра кароо үчүн сунуш кылууга укуктуу. Талапкерди кай- ра кароо ушул статьяда белгиленген тартипте Жогорку Кењеш тарабынан ти- ешелүү сунуштама алынгандан кийинки күнү жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалык кызматына дайын- доо жөнүндө маселе боюнча Жогорку Кењеш токтом кабыл алат.
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
155-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-155" title="155-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>