151-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 22-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2008 года № 1
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялангандан кийин Жогорку Кењештин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялык кызма- тына шайланган адамдардын ант бере турган убактысын жарыялайт. Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялык кызматына шайланган адамдарды жыйналыштар залынын трибунасына ант берүүгө чакырат, анын тексти Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишин жөнгө салуучу мыйзамда каралат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялыгына шайлан- ган адам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстине колун коюп, тикесинен туруп, анттын текстин угуза айтат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын антын жыйналыштар залында олтургандардын бардыгы орундарынан туруп угушат. Ант берүү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы тарабынан ант берилген күндү көрсөтүү менен анттын текстинин аягына анын кол тамгасы коюлуп ырасталат. Документ Жогорку Кењеште сакталууга калат. Жыйналышта төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларын кыэматына кириши менен куттуктап, аларга сот бийли- гинин символу катары мантия берет. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары ант бериш- кенден кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни угулат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
151-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-151" title="151-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>