110-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 15-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2008 года № 1
Экинчи окууда мыйзам чыгаруу демилгеси субъектисинин долбоорунун жоболоруна жазуу жүзүндө түшкөн сунуштар гана каралат. Жогорку Кењештин мыйзам долбоорунун экинчи окуусу башталганда Жо- горку Кењештин жооптуу комитетинин өкүлү баяндама жасайт. Жооптуу комитет кабыл алган түзөтүүлөргө же түзөтүүлөрдү четке кагуу тууралу жооптуу комитеттин сунушуна каршы пикирлер жок болгон учурда, жооптуу комитеттин чечими кабыл алынды деп эсептелинет. Жооптуу комитет тарабынан кабыл алынган түзөтүүлөргө каршы пикир же жооптуу комитет четке каккан түзөтүүлөргө жактыруу айтылганда добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде түзөтүүлөрдүн долбоору кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Бул учурда түзөтүүлөр жөнүндө сунуш болгон статьянын бөлүмү, главасы, статьясы же статьянын бөлүгү, пункту биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоорунун редакциясында сакталат, ал эми Жогорку Кењеш кийинки түзөтүүлөрдү кароого өтөт. Түзөтүүлөрдүн долбоору кабыл алынган учурда төрагалык кылуучу жо- оптуу комитет тарабынан кабыл алынган түзөтүүлөрдү бекитүү же жооптуу комитет тарабынан четке кагуу сунуш кылынган түзөтүүлөрдү жактыруу жөнүндө маселени добушка коет. Жооптуу комитеттин чечимин Жогорку Кењеш бекиткен учурда Жогорку Кењеш кийинки түзөтүүлөрдү кароого өтөт. Эгерде Жогорку Кењеш тарабынан тиешелүү комитеттин сунушу бекитил- бесе, түзөтүүлөрдүн долбоору четке кагылды деп эсептелинет. Бул учурда түзөтүү киргизилген статьянын бөлүмү, главасы, статьясы же статьянын бөлүгү, пункту биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоорунун редакци- ясында сакталат. Жогоруда аталган чечимдердин бардыгы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жогоруда аталган түзөтүүлөрдү кароонун жол-жоболору аяктагандан кийин мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө маселе добушка коюлат. Эгерде ал үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш бер- се, чечим кабыл алынды деп эсептелинет. Эгерде мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынбаса, ал четке ка- гылды деп эсептелинет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
110-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-110" title="110-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>