104-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 15-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2008 года № 1
Мыйзам долбоорлору Жогорку Кењештин комитетинин жыйналышына Жогор- ку Кењештин Аппаратынын юридикалык кызматынын корутундусу болгондо кир- гизилет жана каралат. Жогорку Кењеш мыйзам долбоорун биринчи окууда караганда анын не- гизги жоболорун, аны кабыл алуунун зарылдыгын талкуулайт, мыйзам дол- боорунун концепциясына жалпы баа берилет. Талкуу мыйзам долбоорунун демилгечисинин баяндамасы жана Жогорку Кењештин жооптуу комитетинин кошумча баяндамасы менен башталат. Эгерде мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Жогорку Кењештин бир нече ко- митетине тапшырылса жана алар анын ар кайсы концепциясын киргизсе, анда жооптуу комитеттин концепциясына макул болбогон комитеттердин баяндама- лары да угулат. Мыйзам долбоорун кароо убагында депутаттык фракциялардын өкүлдөрү- нүн (саны 10 депутатка чейинки фракциядан - экиден ашпаган чыгып сүй- лөөчү, саны 10дон 20 депутатка чейинки фракциядан - үчтөн ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 20дан 30 депутатка чейинки фракциядан төрттөн ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 30дан 40 депутатка чейинки фракциядан - беш депу- таттан ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 40тан 50 депутатка чейинки фракция- дан - алтыдан ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 50дөн 60 депутатка чейинки фракциядан - жетиден ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 60тан 70 депутатка чейинки фракциядан - сегизден ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 70ден 80 де- путатка чейинки фракциядан - тогуздан ашпаган чыгып сүйлөөчү, саны 80ден 90 депутатка чейинки фракциядан - ондон ашпаган чыгып сүйлөөчү) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмө- түнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана мыйзам долбоорун талкуулоого ка- тышуу үчүн чакыртылган башка адамдардын сунуштары жана сын пикирлери угулат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
104-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-104" title="104-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>