Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 23-июну № 327 Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Креативдүү индустриялар паркы түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Креативдүү индустриялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби 2-тиркемеге ылайык.
3. "Креативдүү Индустриялар Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесине төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясын белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
2) Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясынын ишин камсыз кылуу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-июлундагы № 53 (3502) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Креативдүү индустриялар паркынын резиденттерин каттоо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 327 токтомуна ылайык) тартибиПорядок · 23.06.2023 · № 327
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 644 "Креативдүү индустриялар паркы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2023 · № 644
- Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 327 токтомуна ылайык) жобоПоложение · 23.06.2023 · № 327
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 61-т (Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 22.02.2024 · № 61-р
- КР Министрлер Кабинетинин 05.12.23 ж. №644 токтомуПостановление · 05.12.2023 · № 644
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Креативдүү индустриялар паркы жөнүндөЗакон · 08.08.2022 · № 88