Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
97-статья. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин милдеттери
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2017 года № 167
Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер өз ишин врачтын антына ылайык, медициналык кызматкерлер менен пациенттердин, алардын туугандарынын ортосундагы адепахлактык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу медициналык этиканын гумандуу принциптерин жетекчиликке алуу менен жүзөгө ашырышат. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер өз кесиптик ишин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аткарууга милдеттүү. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер өздөрүнүн кесиптик билимин жана ыктарын өркүндөтүп турууга милдеттүү. Саламаттык сактоо кызматкерлери санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы ченемдерди, ошондой эле саламаттык сактоонун ошол уюмдары үчүн белгиленген эрежелерди сактоого милдеттүү. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер илимий педагогикалык кызматкерлер сыяктуу эле, ошондой эле калк менен иштешүүгө уруксат алган студенттер жогору турган саламаттык сактоо уюмдарына жана мамлекеттик башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишенимдүү маалымат жана отчет берип турууга милдеттүү. Илимий, окуу, клиникалык максаттарда биоматериалдар менен иштөөгө уруксат алган саламаттык сактоо кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерди сактоого милдеттүү. Бюджеттик негизде окуп чыккан медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген жолдомо боюнча региондордо кеминде эки жыл иштеп берүүгө милдеттүү. Жолдомо боюнча иштөөдөн баш тарткан бүтүрүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте окутууга кеткен чыгымдын ордун толтуруп бергенден кийин ишке эркин орношконго укуктуу болот. (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өз кесиптик ишин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо алынып салынды: жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ченемдик укуктук актыларына кошулду: чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аткарууга милдеттүү.
Медициналык жана фармацевттик … ордун толтуруп бергенден кийин ишке эркин орношконго укуктуу болот.
кошулду: (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Приказ Минздрава КР от 21 июня 2006 года № 342 "О мерах по улучшению подготовки врачебных кадров в клинической ординатуре и закреплению молодых специалистов на местах"Приказ · 21.07.2006 · № 342 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-97" title="97-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>