Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
73-статья. Ден соолугунун абалы жөнүндө пациенттин маалымат алуу укугу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Ар бир пациент жүргүзүлгөн текшерилүүнүн натыйжалары, ооруга чалдыгуу, дарттын диагнозу жана алдын ала божомолдор, аны тобокелге салуу менен байланышкан дарылоонун усулу, медициналык кийгилишүүнүн мүмкүн болуучу варианттары, анын кесепеттери жана өзүнүн ден соолугу, жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө болгон маалыматтарды өзүнө түшүнүктүү болгондой формада алуу укугуна ээ. Пациенттин ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат анын өзүнө берилет, ал эми 16 жашка чыга элек өспүрүмдөргө жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган пациенттерге - алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө дарылоочу врач, саламаттык сактоо уюмунун бөлүм башчысы же жүргүзүлгөн текшерүүгө жана дарылоого түздөн-түз катышкан башка адистер тарабынан берилет. Пациенттин талап кылуусу боюнча, эгерде анда үчүнчү жактын кызыкчылыгы камтылбаса, ага анын ден соолугунун абалы чагылдырылган медициналык документтердин көчүрмөсү берилет. Ден соолугу жөнүндө маалымат пациентке анын эркине каршы берилиши мүмкүн эмес. Оорунун күчөшүнүн терс божомолдору болгон учурда, эгерде пациент аларга бул жөнүндө билдирүүгө тыюу салбаса жана (же) ушундай маалымат берилүүгө тийиш болгон адамды дайындабаса медициналык-этикалык ченемдерди сактоо менен маалымат пациентке жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө билдирилүүгө тийиш. Пациенттин медициналык документтеринде камтылган маалыматтар врачтык жашыруун сырды түзөт жана ушул мыйзамдын 89-статьясында каралган негиздер боюнча гана пациенттин макулдугусуз берилиши мүмкүн. Пациенттер медицина кызматкерлеринен такталган маалыматтарды алуу укугуна ээ:
- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана тартиби жөнүндө;
- саламаттык сактоо уюмунун аккредиттөө аттестатынын болуусу жөнүндө;
- аны текшерүү жүргүзүүгө жана дарылоого катышкан медициналык персоналдын аты, фамилиясы, кызматы жана кесиби жөнүндө;
- эмгектенүү жана тамактануу режими, дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу, анын дартына байланыштуу реабилитациялык иш-чаралар жөнүндө;
- дары-дармек каражаттарын кабыл алуунун тартиби, алардын мүмкүн болуучу терс таасирлери жөнүндө.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-73" title="73-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>