70-статья. Майыптардын укугу
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Майыптар, анын ичинен майып балдар жана бала кезинен майып болгондор медициналык-санитардык жардам алуу, реабилитациялоо, дары-дармек менен камсыз кылуу, протездөө, протездик-ортопедикалык буюмдарды алуу, жеңилдик шартында жүрүүчү каражаттарды алуу, ошондой эле кесиптик даярдыкка жана кайра даярдыктан өтүү укугуна ээ. Эмгекке жарамсыз майыптар Мамлекеттик кепилдик берүү программасынын чектеринде мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынан акысыз медициналык-санитардык жардам алууга, үйүндө багылууга, ал эми негизги жашоо-тиричилик керектөөлөрүн канааттандырууга жарамсыз болуп калганда - калкты социалдык жактан коргоо тутумунун мекемелеринде багылуу укугуна ээ. Майыптарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана алар үчүн жеңилдиктердин тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
70-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-70" title="70-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>