46-статья. Медициналык-социалдык экспертиза
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Медициналык-социалдык экспертиза жарандардын эмгекке жарамдуулугун жоготуусунун даражасын, майыптуулугунун себептерин жана топторун, ошондой эле жарандарды социалдык коргоо чараларын, анын ичинде медициналык реабилитациялоону аныктоо максаттарында жүргүзүлөт. Медициналык-социалдык экспертиза медициналык-санитардык экспертиза уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. Медициналык-санитардык экспертиза уюмдарын түзүүнүн жана алардын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Медициналык-социалдык эскспертиза уюмдарынын чечими мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, башка адамдардын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат. Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү өзүнүн арызы боюнча медициналык-социалдык экспертизаны жүргүзүүгө катышуу үчүн макул болгон кандай адис врач болбосун чакырууга укуктуу болот. Медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу жаран же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогору турган уюмга же сотко даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-46" title="46-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>