43-статья. Патологиялык-анатомиялык союуларды жүргүзүү
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Өлүмдүн себептери жана оорунун диагнозу жөнүндө маалыматтарды алуу менен аныктоо максаттарында врачтар тарабынан патологиялык-анатомиялык союу жүргүзүлөт. Өлгөн адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы, болбосо тирүү кезинде өлгөн адамдын өзүнүн билдирген эрк мүдөөсү болгон учурда киши колдуу өлүмдөн шек саналбаса, патологиялык-анатомиялык союу жүргүзүлбөйт. Патологиялык-анатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартиби жана учурлары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат. Өлүмдүн себеби жана оорунун диагнозу жөнүндө корутунду үй-бүлө мүчөлөрүнө, ал эми алар жок болсо - өлгөн дадамдын жакын туугандарына же мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле талап кылышса укук коргоо органдарына берилет.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-43" title="43-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>