24-статья. Адистештирилген медициналык жардам
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Адистешкен медициналык жардам Кыргыз Республикасынын жарандарына алгачкы медициналык жардам көрсөтүүчү уюмдарда жана татаал медициналык технологияларды пайдалануу менен божомолдоонун, дарылоонун атайын усулдарын талап кылган сыркоолорду дарылоочу оорукана уюмдарында көрсөтүлөт. Адистешкен медициналык жардамдарды көрсөтүү мамлекеттик кепилдик программаларында белгиленген сыркоологон адамдардын категориялары үчүн акысыз же жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат. Жогорку технологияларды пайдалануу менен медициналык жардамдар жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте медициналык жардамдардын (кымбат турган) түрлөрүнүн фондунун каражаттарынын эсебинен көрсөтүлөт. Медициналык жогорку технологиялар (кымбат турган) фондунун каражаттарынын эсебинен медициналык жардамдарды көрсөтүүнүн көлөмү жыл сайын бул максаттарда каралган финансылоонун көлөмүнө карап, саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-24" title="24-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>