17-статья. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын ассоциациялары (бирликтери), медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдар
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Саламаттыкты сактоо уюмдары, медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдар ишти координациялоо максаттарында, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарды көрсөтүүдө жана коргоодо өз ара түзүлгөн келишим боюнча коммерциялык эмес ассоциациялар (бирликтер) түрүндө бирикмелерди түзө алышат. Медициналык кесиптик жана фармацевттик коомдук уюмдарга, ассоциацияларга (бирликтерге) саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын чечими менен анын бир катар ыйгарым укуктары өткөрүп берилиши мүмкүн. Ассоциацияларды (бирликтерди) колдоо айрым коомдук пайдалуу программаларды мамлекеттик максаттуу финансылоо түрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын мүчөлүк акыларынан, өздүк каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>