Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аэропортторунун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык оңдоо боюнча чаралар жөнүндө» ТОКТОМУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 17-апрели № 201 Кыргыз Республикасынын аэропортторунун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык оңдоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомунун редакциясына ылайык)
Аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык оңдоо чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аэропортторунун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык оңдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан гана өзүнүн ведомстволук уюмдары аркылуу "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
2. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жумуштардын тизмегин берүү;
2) тизмекте көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруу үчүн тиешелүү долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну жана макулдашууну камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" жана "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканалары менен белгиленген тартипте тиешелүү жумуштарды аткарууга келишимдерди түзүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы "жана жол" деген сөздөр ", жолдор, анын ичинде аэропорттордун ички аэропорттук жолдору, аэродром элементтери (жасалма учуучу-конуучу тилке, буруучу жолчо жана перрон)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду) куруу, күтүү жана техникалык абалын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү;".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 12, 13-пункттар "жолдорун", "жолдорду" деген сөздөрдөн кийин ", аэропорттордун ички аэропорттук жолдорун, аэродром элементтерин (жасалма учуучу-конуучу тилкени, буруучу жолчону жана перронду)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктта:
12-пунктча "курулушу" деген сөздөн кийин ", аэропорттордун ички аэропорттук жолдорунун, аэродром элементтеринин (жасалма учуучу-конуучу тилкенин, буруучу жолчонун жана перрондун) курулушу" деген сөздөр менен толукталсын; 13-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "13) жол курулушуна, аэропорттордун ички аэропорттук жолдорунун, аэродром элементтеринин (жасалма учуучу-конуучу тилкенин, буруучу жолчонун жана перрондун) курулушуна жол курулушу жаатында илимдин жана техниканын жетишкендиктерин долбоорлоо, курулуш материалдарын, конструкцияларды, инженердик системаларды жана курулмаларды чыгаруу аркылуу киргизүү;";
2) КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
1) жүктөлгөн функциялардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыз кылсын;
2) мамлекеттик ишканалардын кызматкерлерин сертификациялоону, квалификациясын жогорулатууну жана тиешелүү лицензиялардын жоопкерчилик деңгээлин камсыз кылсын;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтомуна)Положение · 01.07.2021 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставыУстав · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын уставыУстав · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол"…Постановление · 11.04.2024 · № 162
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2021 · № 55
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол"…Постановление · 11.04.2024 · № 162