Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 16-майы № 264 Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-жылдын 15-майынан тартып 2027-жылдын 31-декабрын кошуп алганда төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташып келинүүчү өсүмдүк майы чийки затынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1206 00 9900) салык салынуучу импортуна:
- субьект тарабынан өсүмдүк майын өндүрүүчүнүн дарегине андан ары жеткирүү шартында гана;
- өсүмдүк майын өндүрүүчүнүн өзү тарабынан өсүмдүк майын андан ары кайра иштетүү үчүн;
2) өсүмдүк майын өндүрүүчүнүн дарегине жеткирилүүчү өсүмдүк майы чийки затынын (ЕЭС ТЭИ ТН коду 1206 00 9900) салык салынуучу жеткирүүлөрүнө;
3) ата мекендик чийки заттан жана/же ушул токтомдун 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн чийки заттан өндүрүлгөн өсүмдүк майынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512) салык салынуучу жеткирүүлөрүнө;
4) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жүзөгө ашырылуучу өсүмдүк майынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512) салык салынуучу импортуна жана салык салынуучу жеткирүүлөрүнө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 15-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу…Постановление · 22.12.2025 · № 816
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-авугстундагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 264 “Өлкөнүн азык-түлүк…Постановление · 30.08.2025 · № 540
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана…Постановление · 28.12.2023 · № 718
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна…Постановление · 27.12.2024 · № 808
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана…Постановление · 11.03.2022 · № 137 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 28.12.23 ж. №718 токтомуПостановление · 28.12.2023 · № 718
- КР Министрлер Кабинетинин 27.12.2024-ж. № 808 токтомуПостановление · 27.12.2024 · № 808
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана…Постановление · 28.12.2023 · № 718
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.