Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Баткен - Кара-Бак - Чоң-Талаа» жана «Ош - Раззаков 253 км - Миң-Өрүк» автомобиль жолдорун капиталдык оңдоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 18-апрели № 211
"Баткен - Кара-Бак - Чоң-Талаа" жана "Ош - Раззаков 253 км - Миң-Өрүк" автомобиль жолдорун капиталдык оңдоо боюнча чаралар жөнүндө "Баткен - Кара-Бак - Чоң-Талаа" жана "Ош - Раззаков 253 км - Миң-Өрүк" автомобиль жолдоруна капиталдык оңдоо жүргүзүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Баткен - Кара-Бак - Чоң-Талаа" жана "Ош - Раззаков 253 км - Миң-Өрүк" автомобиль жолдоруна капиталдык ондоо жүргүзүү боюнча "Жагалмай" жоопкерчилиги чектелген коому башкы подрядчы болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Жагалмай" жоопкерчилиги чектелген коомунун коммерциялык сунушуна ылайык капиталдык оңдоо боюнча келишимди түзсүн:
- жалпы узундугу 16 км "Баткен - Кара-Бак - Чоң-Талаа" автомобиль жолу;
- жалпы узундугу 6,2 км "Ош - Раззаков 253 км - Миң-Өрүк" автомобиль жолу.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги капиталдык оңдоо боюнча иштерди 2023-жылга "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен каржыласын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жогоруда аталган автомобиль жолдорунун участокторун реконструкциялоо долбоорлору боюнча тиешелүү жол-жоболорду өз убагында жүргүзүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27