Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 „Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 апреля 2025 года № 227 "Об утверждении Среднесрочной тарифной политики Кыргызской Республики на электрическую энергию на 2025-2030 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 6-апрели № 199
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Электр энергиясынын тартыштыгынын шартында керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен жабдуу, электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн ар түрдүү категорияларынын ортосунда кайчылаш субсидиялоо көлөмүн азайтуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана энергияны көп талап кылган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди колдонуудагы деңгээлде сактоо максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
- 3-главасында:
бешинчи абзацта "2,0 жогорулатуу коэффициентине" деген сөздөр "1,3 жогорулатуу коэффициентине" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Калкты ичүүчү суу, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыз кылуучу насостук станциялар жана скважиналар үчүн электр энергиясына тариф 1 кВт.с үчүн 124,7 тыйын (салыктарды эске албаганда) өлчөмүндө белгиленет. Бул тариф жыл сайын өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине түзөтүлүп турат."; тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Муниципалдык троллейбустук деполор, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуунун тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн электр транспортун (троллейбустар жана электр автобустар) пайдаланган жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканалары үчүн электр энергиясына тариф өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүү менен 1 кВт.с үчүн 191,4 тыйынды түзөт (салыктарды эске албаганда)."; төмөнкүдөй мазмундагы онунчу, он биринчи абзацтар менен толукталсын: "Белгиленген кубаттуулугу 23 кВт чейинки электр мобилдерди кубаттоо боюнча коомдук жана жеке станциялар үчүн электр энергиясына тариф электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүү менен 1 кВт.с үчүн 287 тыйын өлчөмүндө белгиленет (салыктарды эсепке албаганда). Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланган электр мобилдерди кубаттоо боюнча коомдук жана жеке станциялар үчүн электр энергиясына тариф электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык 1,3 жогорулатуучу коэффициентке түзөтүү менен 1 кВт.с үчүн 340 тыйын өлчөмүндө белгиленет (салыктарды эсепке албаганда)."; он төртүнчү абзацта "168" деген цифралар "191,4" деген цифраларга алмаштырылсын; он алтынчы абзацта "252" деген цифралар "287" деген цифраларга алмаштырылсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 1, 2-тиркемелер ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 3-тиркемесинде:
30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "30. "Муниципалдык троллейбустук деполор, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуунун тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн электр транспортун (троллейбустарды жана электр автобустарды) пайдаланган жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканалары" керектөөчүлөрүнө керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 301, 302-пункттар менен толукталсын:
"301. "Белгиленген кубаттуулугу 23 кВт чейинки электр мобилдерди кубаттоо боюнча коомдук жана жеке станциялар" керектөөчүлөрүнө керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 3.1-пунктчасында көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
302. "Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланган электр мобилдерди кубаттоо боюнча коомдук жана жеке станциялар" керектөөчүлөрүнө керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 3.2-пунктчасында көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.";
- 31-пункттун үчүнчү абзацы "коомдук" деген сөздөн кийин "жана жеке" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик…Постановление · 24.04.2025 · № 227
- Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №…Приложение · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү…Постановление · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 24.04.2025-ж. № 227 токтомуПостановление · 24.04.2025 · № 227
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик…Постановление · 24.04.2025 · № 227
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү…Постановление · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 токтому менен бекитилди)Инструкция · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон