42-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик укуктарын мамлекеттик каттоо
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 декабря 2003 года №237
Мамлекеттик жана муниципалдык менчик укуктары, ошондой эле аларды түйшүккө салуулар (чектөөлөр) милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Укуктарды мамлекеттик каттоо үчүн мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу же тескөө укугуна ээ болгон тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар кайрылат. Эгерде мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жеке же юридикалык жакка мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктү пайдалануу укугун берсе, каттоо карточкасынын тиешелүү бөлүктөрүндө пайдалануу укугун кармоочунун аты-жөнү көрсөтүлөт, ал эми мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик ээси катары катталат. Укук белгилөөчү документ катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими же мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү же башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими берилүүгө тийиш. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-42" title="42-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>