40-статья. Ижара келишимдеринин мамлекеттик катталышы
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 февраля 2006 года №58
1. Кыймылсыз мүлк бирдигин 3 же андан көп жылдык мөөнөткө ижаралоо жөнүндө кандай гана келишим болбосун, катталат. 3 жылдан кем мөөнөткө ижаралоо же көмөкчү ижаралоо, ижара же көмөкчү ижара келишиминин тараптарынын каалоосу боюнча катталышы мүмкүн, бирок мурдагы ижара келишими катталбаган көмөкчү ижара катталбайт.
2. Кыймылсыз мүлк бирдигинин бир бөлүгү ижараланган учурда каттоого берилүүчү документтер ижарачынын жана ижара берүүчүнүн жолу менен күбөлөндүрүлгөн ижаранын (көмөк ижаранын) чектери көрсөтүлүү менен кыймылсыз мүлк бирдигинин, ошол бөлүгүнүн планынын масштабдуу сүрөттөлүшүн камтууга тийиш.
3. Көмөкчү ижараны, экинчи жолку ипотеканы же кыймылсыз мүлктүн түйшүккө салган (чектелген) бүткүл же бир бөлүгүнө тескеменин дагы башка түрүн белгилөөчү ар кандай документтер менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз катталбоого тийиш, эгерде мурда катталган ижара же ипотека жөнүндө келишимде башкача каралбаса.
4. Ижаралоо келишими ижара мөөнөтү өткөндө же соттун чечими боюнча болбосо ижарачы менен ижарага берүүчүнүн ижара келишимин ыктыярдуу токтотуулары жөнүндө арыз беришине шарт түзүлгөндө же арыз берилгенде токтотулат. Ижара токтотулган учурда каттоо карточкасында тийиштүү белги коюлат.
5. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп табылган)
(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2006-жылдын 16-февралындагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 февраля 2006 года №58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.12.2003 · № 237
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-40" title="40-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>