38-статья. Жалпы менчиктеги имараттарда жайгашкан батирлерге жана башка жайларга укуктарды мамлекеттик каттоо
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 7-глава
1. Турак жана турак эмес жайлардан турган көп батирлүү үйлөрдөгү кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдигине өзүнүн идентификациялык номери ыйгарылат жана ар бир бирдикке каттоо карточкасы жана каттоо китепчеси жүргүзүлөт.
2. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайларга укуктарды каттоо көп кабаттуу үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайдын менчик ээлеринин жалпы мүлкүнө үлүштөргө укуктар жөнүндө маалыматтарды каттоо документтерине милдеттүү киргизүү менен жүргүзүлөт.
Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү турак жай ээлеринин үлүшүнүн өлчөмү көп батирлүү үйлөрдөгү бардык турак жана турак эмес жайлардын жалпы аянтына карата бир менчик ээсинин турак же турак эмес жайынын жалпы аянтына мамилеси катары аныкталат.
3. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү менчик ээлеринин үлүшүнүн өлчөмү, эгерде жалпы мүлк турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан башкарылса, турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиги же менчик ээлеринин башка бирикмелери же менчик ээлеринин макулдашуусу менен аныкталат.
4. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайдын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү үлүштүн өлчөмү жөнүндөгү маалыматтар менчик ээлеринин тизмеси же менчик ээлеринин макулдашуусу түрүндө жол-жоболоштурулат жана турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиги, менчик ээлеринин башка бирикмелери же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан ушундай тизме түзүлгөн күндөн тартып, эгерде жалпы мүлк турак жана турак эмес жай менчик ээлери тарабынан башкарылса, 30 күндүн ичинде жергиликтүү каттоо органдарына берилет.
5. Жергиликтүү каттоо органдары берилген маалыматтарды бекер алууга жана алардын келип түшкөн датасын жана убактысын көрсөтүү менен тиешелүү документтерди каттоого алгандыгы жөнүндө тил кат берүүгө милдеттүү.
6. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү менчиктин үлүшү жөнүндөгү маалыматтар жергиликтүү каттоо органдарына алар өзү келүү тартибинде кайрылганда кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөсү камтылган документке киргизилет.
7. Жергиликтүү каттоо органдары турак же турак эмес жайдын менчик ээсинин салымдар жана милдеттүү төлөмдөр боюнча бир жылдан ашык төлөнбөгөн карыздарынын бар экендиги жөнүндө маалыматты турак жай менчик ээлеринин шериктигинен кабыл алууга жана бул маалыматты көп батирлүү үйдөгү турак же турак эмес жайларга анын укугун каттоодо жаңы менчик ээсине берүүгө милдеттүү. Карыз жөнүндө маалыматты берүүнүн жана көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайларга укукту каттоодо аны берүүнүн тартиби кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 124, 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 июля 2013 года № 124 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
15.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бирдигинин техникалык мүнөздөмөсү камтылган документке киргизилет.
кошулду: 7. Жергиликтүү каттоо органдары турак же турак эмес жайдын менчик ээсинин салымдар жана милдеттүү төлөмдөр боюнча бир жылдан ашык төлөнбөгөн карыздарынын бар экендиги жөнүндө маалыматты турак жай менчик ээлеринин шериктигинен кабыл алууга жана бул маалыматты көп батирлүү үйдөгү турак же турак эмес жайларга анын укугун каттоодо жаңы менчик ээсине берүүгө милдеттүү. Карыз жөнүндө маалыматты берүүнүн жана көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайларга укукту каттоодо аны берүүнүн тартиби кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР 2013-жылдын 9-июлундагы № алынып салынды: 124 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 124, 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-38" title="38-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>