251-статья. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
1. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү баштапкы жана учурдагы текшерүүнү өзүнө камтыйт.
Баштапкы текшерүү жаны түзүлгөн кыймылсыз мүлккө жүргүзүлөт. Баштапкы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспорт түзүлөт жана кыймылсыз мүлктүн укуктуу ээсине берилет. Учурдагы текшерүү реконструкциялоо, кайра пландоо жана профилдештирүүнүн натыйжасында имараттардын, курулмалардын, батирлердин же башка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү өзгөргөн учурда укук ээсинин арызы боюнча милдеттүү түрдө, ошондой эле укук ээсинин демилгеси боюнча ыктыярдуу тартипте жүргүзүлөт. Учурдагы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспортто тиешелүү өзгөртүү чагылдырылат.
2. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык текшерүү жергиликтүү каттоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 99 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
251-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2009 года № 99 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-251" title="251-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>