Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууну киргизүү жөнүндө» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 февраля 2023 года № 105 "О введении запрета на вывоз (экспорт) катализаторов, бывших в употреблении, шлака, золы и остатков драгоценных металлов, содержащихся в катализаторах, с территории Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-02-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 105 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 1-августу № 431 Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууну киргизүү жөнүндө Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мурда пайдаланылган, алып жүрүүчүлөргө салынган, ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815 товардык позициясындагы катализаторлорду; ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620 товардык позициясындагы металлдарды камтыган, металлды бөлүп алуу үчүн же химиялык реагенттерди өндүрүү үчүн гана жарактуу болгон, иштетилген катализаторлордогу шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды; иштетилген катализаторлордо камтылган, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 товардык позициясындагы негизинен баалуу металлдарды бөлүп алуу үчүн пайдаланылуучу, палладийдин, родийдин жана платинанын калдыктарын жана сыныктарын; ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92 товардык позициясындагы катализаторлор болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана…Постановление · 18.08.2021 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 105 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын…Постановление · 28.02.2023 · № 105 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 28.02.2023 ж. №105 токтомуПостановление · 28.02.2023 · № 105
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 "Мурда пайдаланылган…Постановление · 10.12.2021 · № 298 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана…Постановление · 18.08.2021 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 105 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын…Постановление · 28.02.2023 · № 105 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 "Мурда пайдаланылган…Постановление · 10.12.2021 · № 298 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну…Постановление · 17.03.2022 · № 140 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы №140 "Кыргыз Республикасынан…Постановление · 31.05.2022 · № 294 · Күчүн жоготкон