Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 „Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 431 О введении запрета на вывоз (экспорт) катализаторов, бывших в употреблении, шлака, золы и остатков драгоценных металлов, содержащихся в катализаторах, с территории Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 431 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 10-декабры № 298 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Тарифтик эмес жөнгө салуу системасын өркүндөтүү максатында, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мурда пайдаланылган, алып жүрүүчүлөргө салынган, ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815 товардык позициясындагы катализаторлорду; металлдарды камтыган, металлды бөлүп алуу үчүн же химиялык реагенттерди өндүрүү үчүн гана жарактуу болгон, иштетилген катализаторлордогу, ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620 товардык позициясындагы шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды; иштетилген катализаторлордо камтылган, негизинен баалуу металлдарды бөлүп алуу үчүн пайдаланылуучу, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 товардык позициясындагы палладийдин, родийдин жана платинанын калдыктарын жана сыныктарын; ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92 товардык позициясындагы катализаторлор болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) 2022-жылдын 13-мартына чейин убактылуу тыюу салуу белгиленсин.";
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы:
- товардын аталышын, ошондой эле ТЭИ ТН кодун жетекчиликке алуу менен контроль жүргүзсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана…Постановление · 18.08.2021 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 431 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын…Постановление · 01.08.2022 · № 431 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августудагы №431 токтомуПостановление · 01.08.2022 · № 431
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана…Постановление · 18.08.2021 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 431 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын…Постановление · 01.08.2022 · № 431 · Күчүн жоготкон