Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында баалоо иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-октябры № 555 Кыргыз Республикасында баалоо иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасында баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 18-октябрындагы № 92 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2019 · № 39
- Баалоо иши жөнүндөЗакон · 22.12.2021 · № 155