Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-февралы № 39 Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасында баалоо ишин либералдаштыруу, өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 23 чечими менен бекитилген Мүлктү баалоо боюнча кызмат көрсөтүү сектору боюнча либералдаштыруу планынын 3-пунктун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежесинде:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.".
3.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-февралындагы N 10 жарыяланды
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- "Кыргыз Республикасындагы баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин Убактылуу эрежелери" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 токтому…Правила · 21.08.2003 · № 537
- Террорго каршы операция жүргүзүү зонасында транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Порядок · 03.02.2020 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасында баалоо иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" ТоктомуПостановление · 07.10.2022 · № 555
- Кыргыз Республикасында Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 токтомуна "Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО"Положение · 05.02.2019 · № 39
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августу № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө"Постановление · 21.08.2003 · № 537 · Күчүн жоготкон