Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 20 октября 2025 года № 686 "Об утверждении Инструкции о порядке государственной регистрации актов гражданского состояния в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-10-20.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 686 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 21-ноябры № 649 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин, "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускамада:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылып жаткан адамдар үчүн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү акты менен аныкталат.".
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 686 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы…Постановление · 20.10.2025 · № 686
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери…Постановление · 12.04.2024 · № 167
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.04.2025 · № 207
- "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы…Инструкция · 21.04.2017 · № 238 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтомуна)Инструкция · 11.03.2021 · № 90 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 686 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы…Постановление · 20.10.2025 · № 686
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.04.2025 · № 207
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"…Постановление · 11.03.2021 · № 90 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 28.09.2017 · № 619
- Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 16.08.2006 · № 170
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.04.2017 · № 238 · Күчүн жоготкон