Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 „Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 5 февраля 2025 года № 58 "О некоторых операциях с драгоценными металлами и драгоценными камнями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-02-05.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-ноябры № 634 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пункттагы "турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын;
- 2-пункттагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын;
- 4-пунктта:
"турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын; экинчи абзацтагы "мамлекеттик контролдон өткөндүгүн" деген сөздөр "товарларды ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5, 6-пункттардагы "турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргыз Республикасында зергердик жана башка буюмдар үчүн баалуу металлдардын төмөнкүдөй пробалары белгиленген:
1) платинадан:
950 (тогуз жүз элүүнчү); 900 (тогуз жүзүнчү); 850 (сегиз жүз элүүнчү); 585 (беш жүз сексен бешинчи);
2) алтындан:
999 (тогуз жүз токсон тогузунчу); 958 (тогуз жүз элүү сегизинчи); 916 (тогуз жүз он алтынчы); 875 (сегиз жүз жетимиш бешинчи); 750 (жети жүз элүүнчү); 585 (беш жүз сексен бешинчи); 583 (беш жүз сексен үчүнчү); 500 (беш жүзүнчү); 375 (үч жүз жетимиш бешинчи); 333 (үч жүз отуз үчүнчү);
3) күмүштөн:
999 (тогуз жүз токсон тогузунчу); 960 (тогуз жүз алтымышынчы); 925 (тогуз жүз жыйырма бешинчи); 875 (сегиз жүз жетимиш бешинчи); 830 (сегиз жүз отузунчу); 800 (сегиз жүзүнчү); 750 (жети жүз элүүнчү);
4) палладийден:
850 (сегиз жүз элүүнчү); 500 (беш жүзүнчү).";
- 11, 12, 15, 16-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын;
- 13-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баалуу эмес металлдардан жасалган бөлүктөрүндө "металл" деген белги (из) болбогон учурда, мындай буюмдар эн тамгаланууга тийиш эмес.";
- 2-главанын аталышындагы "турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
- жогорку оң бурчундагы "турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын;
2-пунктта: алтынчы абзацтагы "турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын; жетинчи, сегизинчи жана онунчу абзацтардагы "950", "375" жана "800" деген цифралар тиешелүү түрдө "585", "333" жана "750" деген цифралар менен алмаштырылсын; 3-пунктта: жетинчи жана он бешинчи абзацтардагы "916," деген цифралар алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункт "өндүрүү" деген сөздөн кийин "(курамында баалуу металлдар жана асыл таштар бар кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункт "өндүрүү" деген сөздөн кийин "(баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 токтому менен бекитилген Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын эсепке турууга;
- баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдарды ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринде белгиленген тартипте эсепке алууну жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткарууга;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда отчетторду берүүгө;
- атайын эсептен чыгуу учурунда пландык текшерүүлөр жүргүзүлбөгөн ишти жүзөгө ашыруу мезгилинде баалуу металлдардын, асыл таштардын жана буюмдардын кыймылын эсепке алуу боюнча документтерди берүүгө.";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сатууну эсепке алуу журналынын;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды жасоону жана оңдоону эсепке алуу журналынын;
- ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча асыл таштарды эсепке алуу журналынын;
- квитанциялардын, коштомо кагаздардын, келишимдердин.
Автоматташтырылган (электрондук) эсепке алуу системалары болгон учурда баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алууну ушул Жобонун 1, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык эсепке алуу формаларында камтылган маалыматтарды милдеттүү түрдө киргизүү менен электрондук түрдө жүргүзүүгө уруксат берилет. Классификациялык мүнөздөмөлөрү аныкталбаган асыл таштар менен бүтүмдөрдү жасоого жол берилбейт. Иштетилбеген табигый алмаздарды жеткирүү акысын төлөө Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык накталай эмес ыкма менен жүргүзүлүүгө тийиш";
- экинчи глава төмөнкүдөй мазмундагы 7-1 жана 7-2-пункттар менен толукталсын:
"7-1. Баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен күрөө операцияларын жүргүзүүчү ломбарддар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга талап кылынбаган баалуу металлдардан жана асыл таштардан күрөөлөрдү сатуу боюнча отчетту ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык формада берүүгө милдеттүү. 7-2. ЕАЭБ аймагында баалуу металлдарды (баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды кошпогондо) жана асыл таштарды экспорттоону/импорттоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдарды (баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды кошпогондо) жана асыл таштарды ташуу боюнча отчетту ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча берүүгө милдеттүү.";
- 8-пункттагы "Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдары баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталбагандыгы менен байланышкан укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт, токтомдорду чыгарат жана жаза чараларын көрөт. Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселени карайт. Пробалык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатында укук бузуу окуясы болгондугун көрсөтүүчү маалыматтар табылган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселени карайт.";
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинин таблицасынын аталышындагы "турмуш-тиричилик" деген сөз алып салынсын;
- Жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 4, 5 жана 6-тиркемелер менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 6-декабрындагы № 107 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме
Форма Ведомстволук статистикалык ОТЧЕТ № 1 форма
Кимге берилет ____________________________________________________
(Алуучунун аталышы, дареги)
_______________________________________________________________________ Ишкананын аталышы _______________________________________________________________________ Аймак (облус, шаар, район) _______________________________________________________________________ Дарек (почта индекси, көчө, үй №) _______________________________________________________________________ Менчигинин түрү _______________________________________________________________________ Уюштуруу-укуктук формасы _______________________________________________________________________ Экономикалык иштин түрү (тармак)
Бир айлык отчетту Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу жана кайра иштетүүчү ишканалары ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берет
Баалуу металлдарды өндүрүү жана сатуу жөнүндө ОТЧЕТ 20_______-жылдын ___________________ үчүн (айы)
1. Баалуу металлдарды өндүрүү
(грамм менен)
Баалуу металлдын түрү
Өндүрүлгөн (казып алынган) БМ
Кайра иштетилген БМ (аффинаждан кийинки даяр продукция)
Учурдагы жылдын айы үчүн
Отчеттук жылдын башынан берки мезгил үчүн
Учурдагы жылдын айы үчүн
Отчеттук жылдын башынан берки мезгил үчүн
1
2
3
4
5
Алтын
Күмүш
2. Баалуу металлдарды сатуу
(грамм/сом)
№
Кимге сатылды
Алтын
Күмүш
грамм
сумма
грамм
сумма
1
2
3
4
5
6
7
1
Отчеттук мезгилдин башындагы калдык
2
Баалуу металлдарды сатуу
3
Отчеттук мезгилдин аягындагы калдык
Жетекчи ___________________________________________________ Башкы бухгалтер ____________________________________________ 20___-жылдын "___"______________ ___________________________________________________________ Аткаруучунун аты-жөнү жана телефон номери".
2-тиркеме
"Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме
Форма Асыл таштарды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№
Келип түшүү датасы
Келип түшүү булагы (тапшыруучунун аты-жөнү, паспорттук маалыматтары)
Таштардын аталышы
Саны (даана)
Салмагы (карат)
Түстүүлүгү
Өлчөмү (диаметр)
Наркы (сом)
Сатуу датасы
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме
Форма
Кимге берилет ____________________________________________________
(алуучунун аталышы)
_______________________________________________________________________ Ишкананын аталышы _______________________________________________________________________ Аймак (облус, шаар, район) _______________________________________________________________________ Дарек (почта индекси, көчө, үй №) _______________________________________________________________________ Уюштуруу-укуктук формасы
Кварталдык отчетту Баалуу металлдар жана асыл таштар менен күрөө операцияларын жүргүзүүчү юридикалык жактар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берет
Талап кылынбаган баалуу металлдардан жана асыл таштардан күрөөлөрдү сатуу жөнүндө ОТЧЕТ 20__-жыпдын "___"_________________ үчүн
№
Баалуу металл
Асыл таш
Кимге сатылды (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары)
Сатылган датасы
түрү
пробасы
салмагы (грамм)
наркы (сом)
аталышы
массасы (карат)
наркы (сом)
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме
Форма
Кимге берилет ____________________________________________________
(алуучунун аталышы)
_______________________________________________________________________ Уюмдун аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү _______________________________________________________________________ Аймак (облус, шаар, район) _______________________________________________________________________ Дарек (почта индекси, көчө, үй №) _______________________________________________________________________ Менчигинин түрү _______________________________________________________________________ Уюштуруу-укуктук формасы _______________________________________________________________________ Экономикалык иштин түрү (тармак)
Кварталдык отчетту ЕАЭБ аймагында баалуу металлдарды жана асыл таштарды ташууну жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берет
ЕАЭБ аймагында баалуу металлдарды (баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды кошпогондо) жана асыл таштарды ташуу жөнүндө ОТЧЕТ 20___-жылдын "______" _________________ үчүн
№
Уюмдун аталышы/жөнөтүүчүнүн аты-жөнү (паспорттук маалыматтары)
Жөнөтүү пункту (өлкө, шаар, көчө, номер)
Уюмдун аталышы/алуучунун аты-жөнү (паспорттук маалыматтары)
Алуучунун дареги (өлкө, шаар, көчө, номер)
Жүктүн аталышы (металлдын, асыл таштын түрү, металл, таш жөнүндө кыскача маалыматтар)
Нетто салмак (грамм, карат)
Жөнөтүү датасы
Келүү датасы
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Жетекчи ___________________________________________________ Башкы бухгалтер ____________________________________________ 20___-жылдын "___"______________ ___________________________________________________________ Аткаруучунун аты-жөнү жана телефон номери".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен айрым операциялар жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2025 · № 58
- Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 токтомуна)Положение · 27.06.2018 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана баш- ка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын…Положение · 27.06.2018 · № 303 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык…Постановление · 03.12.2021 · № 292
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө"тТоктомуПостановление · 30.09.2014 · № 560
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 05.08.2022 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен айрым операциялар жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2025 · № 58
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2018 · № 303 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- "Правила работы пунктов скупки у населения драгоценных металлов, камней и изделий из них" (Приложение 3 к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 30 сентября 2014…Правила · 30.09.2014 · № 560
- Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО "КР Министрлер Кабинетинин…Положение · 03.12.2021 · № 292
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-октябрындагы № 15-16 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда кошумча түшкөн кирешелерди зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү…Постановление · 15.10.2019 · № 15-16
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 14.05.1998 · № 61 · Күчүн жоготкон