Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 января 2023 года № 19 "О введении временного запрета на вывоз (экспорт) из Кыргызской Республики лома и отходов черных металлов, слитков черных металлов для переплавки (шихтовые слитки)"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-16.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМУ 2022-жылдын 1-августу № 427 Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизүү жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин алты айлык мөөнөткө киргизилүүчү убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен 1-пунктта көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен 1-пунктта көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 19-августунда № 75(3410) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 19 "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт…Постановление · 16.01.2023 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-майындагы № 336 "Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин…Постановление · 24.12.2021 · № 336 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-майындагы № 336 "Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин…Постановление · 24.12.2021 · № 336 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 19 "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт…Постановление · 16.01.2023 · № 19 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.