Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 1 августа 2022 года № 427 "О введении временного запрета на вывоз (экспорт) лома и отходов черных металлов из Кыргызской Республики за пределы таможенной территории Евразийского экономического союза"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-01.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 427 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ 2021-жылдын 24-майы № 336 Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихта куймаларын) (ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин алты айлык мөөнөткө киргизилүүчү убактылуу тыюу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 427 "Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык…Постановление · 01.08.2022 · № 427 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 01.08.22 ж. №427 токтомуПостановление · 01.08.2022 · № 427
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 427 "Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык…Постановление · 01.08.2022 · № 427 · Күчүн жоготкон