Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 23 декабря 2024 года № 778 "Об утверждении Порядка формирования и использования сумм штрафов, взысканных за совершение правонарушений, обработанных в автоматизированной информационной системе "Единый реестр правонарушений", в том числе зафиксированных с применением аппаратно-программного комплекса, в рамках реализации компонента "Безопасный город" проекта "Умный город"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-23.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 6-июну № 299 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 225 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик маалыматтык системаларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 225 токтомуна ылайк күчүн жоготот)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 225 токтомуна ылайк күчүн жоготот)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 225 токтомуна ылайк күчүн жоготот)
5. "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптарды төлөөдөн түшкөн каражаттар төмөнкүдөй болуп белгиленсин:
1) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компоненти боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын пайдасына "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасы менен "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасы интеграцияланган учурдан тартып жүргүзүлөт, ал эми калган кармап калуулар ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипке ылайык ишке ашырылат;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин пайдасына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айыптар үчүн (анын ичинде аппараттык- программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган жана "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган айыптар үчүн) аткаруу жыйымын өндүрүүнү алып салуу максатында "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган учурдан тартып жүргүзүлөт.
6. "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин жана "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдар ушул токтомдун талаптарына өздөрүнүн ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык системаларын ылайык келтирсин жана чараларды көрсүн.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү;
2) өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомдун талаптарына ылайык келтирүү.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 247 "Кыргыз Республикасында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 52 (3387) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябры № 608 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө…Постановление · 17.11.2023 · № 608
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 247 "Кыргыз Республикасында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө"…Постановление · 11.05.2020 · № 247
- Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган Кара-Суу айыл өкмөтүнүн комиссиялары жөнүндө типтүү жобо (Кара-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-декабрындагы № 69 токтому менен…Типовое положение · 05.12.2023 · № 69
- Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылдын 09-февралындагы № 230/32-8 “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган мэриянын комиссиясы жөнүндө” жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.02.2024 · № 230/32-8
- Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-апрели № 40 Укук бузуулар комиссиясынын жобосун жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 15.04.2025 · № 40
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке…Постановление · 21.08.2020 · № 431
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык…Постановление · 18.02.2019 · № 56 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 токтомуна "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык…Порядок · 18.02.2019 · № 56 · Күчүн жоготкон
- "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун…Порядок · 06.06.2022 · № 299 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун…Постановление · 01.07.2019 · № 334 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 247 "Кыргыз Республикасында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө"…Постановление · 11.05.2020 · № 247
- Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралууЗакон · 28.01.2017 · № 15
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке…Постановление · 21.08.2020 · № 431
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан…Постановление · 23.12.2024 · № 778 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 "Укук бузуулардын…Постановление · 08.05.2024 · № 225 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун…Постановление · 01.07.2019 · № 334 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Жол кыймылынын ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы N 421 токтому менен бекитилген)Правила · 04.08.1999 · № 421
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин андан ары ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз…Постановление · 05.02.2024 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 "Укук бузуулардын…Постановление · 10.10.2023 · № 543 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 "Укук бузуулардын…Постановление · 23.07.2024 · № 419 · Күчүн жоготкон