Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жобо
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин (мындан ары - Мамлекеттик реестр) жүргүзүү максаттарын, түзүү принциптерин, мазмунун, түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик реестр төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик салык эсебин камсыздоо;
- салык контролун ишке ашыруу;
- салык отчетун жүргүзүү.
3. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар мамлекеттик маанидеги маалыматтык ресурстарга кирет.
4. Мамлекеттик реестр төмөнкү принциптерде түзүлөт:
- анда камтылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы;
- салык контролун ишке ашыруу максатында анда камтылган маалыматтарды пайдалануунун натыйжалуулугу;
- салык мыйзамдарына ылайык колдонуу мүмкүндүгү бар пайдалануучуларга берилүүчү маалыматтын оперативдүүлүгү, тактыгы;
- мамлекеттик маанидеги башка маалымат ресурстарына шайкештик, ошондой эле юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык алар менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсү.
5. Ыйгарым укуктуу салык органы:
- Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтардын тактыгын контролдойт;
- Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтардын сактыгын, жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык аларды сактоонун жана пайдалануунун белгиленген режимин карманууну камсыз кылат.
6. Салык кодексинде башкача белгиленбесе, Мамлекеттик реестрде камтылган салык төлөөчүлөр жөнүндөгү маалыматтар салыктык жашыруун сыр болуп саналат.
2. Мамлекеттик реестрдин мазмуну
7. Мамлекеттик реестрде салык төлөөчүлөр жөнүндө төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары боюнча:
- салык төлөөчү каттоодо турган салык органынын аталышын жана кодун;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин (ИСН);
- ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодун (ИУЖК);
- уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүү менен юридикалык жактын аталышын, экономикалык иштин негизги түрүн;
- юридикалык дарегин;
- жетекчинин аты-жөнүн, ИСНин, паспортунун номерин жана сериясын, ал эми ал жок болсо - ким экендигин ырастоочу башка документин;
- бухгалтердин (башкы бухгалтердин) аты-жөнүн, ИСНин, паспортунун сериясын жана номерин, ал жок болсо - инсандыгын тастыктоочу башка документин (бар болсо);
- филиалдар, өкүлчүлүктөр жана мамлекеттик каттоодон өткөн башка обочолонгон бөлүмдөр жөнүндө маалыматты;
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта банктарда жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерде эсептерди ачуу жана жабуу тууралуу маалыматты;
ачык акционердик коомдор жана керек-жарак кооперативдеринен тышкары уюштуруучулар (катышуучулар, мүлк ээлери) тууралуу маалыматтарды;
- юридикалык жакты жоюу жана кайра уюштуруу жөнүндө чечимдин датасын;
2) чет өлкөлүк уюмдар боюнча:
- салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин (ИСН);
- ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодун (ИУЖК);
- салык төлөөчү каттоодо турган салык органынын аталышын жана кодун;
- чет өлкөлүк уюмдун аталышын;
- жайгашкан (катталган) ордун;
- уставдык фонддун өлчөмү жана уюштуруучулар жөнүндө маалыматтарды;
- жетекчи жана (же) башка башкаруу органдары жөнүндө маалыматтарды;
- банктарда жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерде эсептерди ачуу жана жабуу тууралуу маалыматтарды (Кыргыз Республикасындагы эсептер жана Кыргыз Республикасында алардын иши жүргүзүлүүчү эсептер жөнүндө);
3) жеке ишкерлерге, дыйкан (фермердик) чарбалар боюнча:
- салык төлөөчү каттоодо турган салык органынын аталышын жана кодун;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин (ИСН);
- ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодун (ИУЖК);
- уюштуруу-укуктук формасын, менчигинин түрүн, экономикалык иштин негизги жана кошумча түрлөрүн көрсөтүү менен жеке ишкердин, дыйкан (фермердик) чарбанын жетекчисинин аты-жөнүн;
- паспортундагы маалыматтар боюнча дарегин, паспорттун сериясын жана номерин, ал жок болгон учурда - ким экендигин ырастоочу башка документти;
- жарандыгы жөнүндө маалыматты;
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта банктарда жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерде эсептерди ачуу жана жабуу жөнүндө маалыматтарды;
- ишти баштоо жөнүндө чечим кабыл алынган датасын;
- жеке ишкердин, дыйкан (фермердик) чарбанын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндү;
4) жеке жактар боюнча:
- салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин (ИСН);
- салык төлөөчү катталган салык органынын аталышын жана кодун;
- аты-жөнүн;
- паспорттогу маалыматтарын, ал жок болгон учурда - ким экендигин ырастоочу башка документти;
- туулган датасын жана жылын;
- жашаган жерин;
- телефон номерин;
- жарандыгы (букаралыгы) тууралуу маалыматты.
3. Мамлекеттик реестрди жүргүзүү
8. Мамлекеттик реестр кагаз жана электрондук түрдө жүргүзүлөт.
9. Эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса, ыйгарым укуктуу салык органы Мамлекеттик реестрди жүргүзүүнү аймактык салык органдарынан өткөрүп берилүүчү маалыматтарды бирдиктүү маалыматтар банкына бириктирүү аркылуу жүргүзөт.
10. Салык органы маалыматтарды Мамлекеттик реестрге киргизүүнү, маалыматтарды, анын ичинде салык төлөөчүнү жоюу тууралуу маалыматтарды жаңыртууну камсыз кылат.
11. Салык органы тарабынан төмөнкү учурларда Мамлекеттик реестрге салык төлөөчү өз ишин токтоткондугу тууралуу жазуу киргизилет:
1) юридикалык жактар:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишин токтоткон учурда.
Кыргыз Республикасынын аймагында өз өкүлчүлүктөрүн ачкан чет өлкөлүк уюмдар - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан же башка ыйгарым укуктуу органдан өкүлчүлүктү ачууга алынган уруксаттын мөөнөтү бүткөндөн эрте эмес;
2) өзүнчө балансы жана учурдагы (эсептик) же башка банктык эсеби бар юридикалык жактын филиалдары, өкүлчүлүктөрү жана башка обочолонгон бөлүмдөрү - ишин токтоткон учурда;
3) жеке жактар, жеке ишкерлер, дыйкан (фермердик) чарбалар:
- жеке жак, жеке ишкер, дыйкан (фермердик) чарбанын башчысы каза болгон учурда;
- Кыргыз Республикасынан туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен жана мындай субъект тарабынан Кыргыз Республикасына карата салык милдеттенмелери аткарылган учурда;
- ишкердик ишин токтоткон учурда.
Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар - алардын салык милдеттенмелери бүткөндөн кийин, бирок Кыргыз Республикасында ишкердик ишин жүргүзүүгө укук берүүчү атайын уруксаттын колдонуу мөөнөтү бүткөндөн эрте эмес.
12. Резидент эместерди Мамлекеттик реестрден чыгаруу Салык кодексинде каралган мүлктүк укуктар, жер пайдалануу, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу сыяктуу салык салуу объекттерине карата укуктар токтотулган жана Кыргыз Республикасында салыктык милдеттенмелерин аткарган учурда жүргүзүлөт.
4. Аракеттеги жана аракетсиз салык төлөөчүнүн белгиси
13. Аракеттеги жана аракетсиз салык төлөөчүнүн белгиси субъектке салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду, ошондой эле бирдиктүү салык декларациясын берүүнүн негизинде ыйгарылат жана төмөнкүдөй маанилерге ээ болот:
- субъект салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын өз убагында берген учурда салык төлөөчүгө "1" деген белги ыйгарылат;
- субъект салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын 1 жылдан 3 жылга чейин бербеген учурда салык төлөөчүгө "2" деген белги ыйгарылат;
- субъект салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын 3 жылдан 5 жылга чейин бербеген учурда салык төлөөчүгө "3" деген белги ыйгарылат;
- субъект салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын 5 жылдан 10 жылга чейин бербеген учурда салык төлөөчүгө "4" деген белги ыйгарылат;
- субъект салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын 10 жылдан ашык бербеген учурда салык төлөөчүгө "5" деген белги ыйгарылат.
14. Жыл сайын ушул главанын 13-пунктуна ылайык салык органы тарабынан Мамлекеттик реестрге жазуу жазылат жана аракеттеги же аракетсиз салык төлөөчүнүн белгиси көрсөтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 04.03.2022 · № 106