Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз тараптын жана канадалык „Центерра Голд Инк.“ компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 25-марты № 157 Кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-мартындагы № 119-VII КПҮ "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 102 токтому менен жактырылган кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттарын жана форматын жактыруу жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 79 "Кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 1 Кыргыз Республикасы менен канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровго Кыргыз Республикасы менен канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлордү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасы менен канадалык "Центерра Голд Инк." Компаниясынын ортосундлгы өз ара дооматтарлы глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндом тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 187 "Центерра Голд Инк.” компаниясынын, “Кыргызалтын” ААКтын, Кыргыз Республикасынын жана эскроу-агент катары GLAS…Постановление · 01.04.2022 · № 187
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 01-апрелиндеги №165-т “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомун убактылуу сырткы башкаруучу “Улуу Көчмөндөр Мурасы”…Распоряжение · 01.04.2022 · № 165-р
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2022-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 79 "Кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар…Указ · 14.03.2022 · № 79