Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Центерра Голд Инк.” компаниясынын, “Кыргызалтын” ААКтын, Кыргыз Республикасынын жана эскроу-агент катары GLAS Specialist Services Limited ортосундагы жооптуу сактоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 1-апрели № 187 “Центерра Голд Инк.” компаниясынын, “Кыргызалтын” ААКтын, Кыргыз Республикасынын жана эскроу-агент катары GLAS Specialist Services Limited ортосундагы жооптуу сактоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 79 “Кыргыз тараптын жана канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 157 “Кыргыз тараптын жана канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун көңүлгө алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жана “Кыргызалтын” ААКтын жана “Центерра Голд Инк.” компаниясынын жана “Кумтор Голд Компани” ЖАКтын жана “Кумтор Оперейтинг Компани” ЖАКтын ортосундагы Жөнгө салуу жөнүндө глобалдуу макулдашуунун алкагында түзүлгөн “Центерра Голд Инк.” компаниясынын, “Кыргызалтын” ААКтын, Кыргыз Республикасынын жана эскроу-агент катары GLAS Specialist Services Limited ортосундагы жооптуу сактоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровго ушул токтомдун 1-пунктунда каралган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 157 "Кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды…Постановление · 25.03.2022 · № 157
- КР Президентинин 2022-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 79 "Кыргыз тараптын жана канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар…Указ · 14.03.2022 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122