Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 „Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 22-марты № 152 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, Кыргыз Республикасындагы калктын социалдык аялуу катмарына колдоо көрсөтүү, "COVID-19" коронавирустук инфекциясынын алдын алууга жана жайылышына бөгөт коюуга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласындагы "29 жана 227-беренелерине" деген сөздөр "34-беренесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-пунктундагы "2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин" деген сөздөр "2021-жылдын 1-апрелинен 2022-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча…Постановление · 30.04.2021 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3