Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик ободо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-марты № 111 Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик ободо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 407, 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 451, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын калкынын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги маалымат чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетти түзүүдө мамлекеттик жана коомдук телерадиоуюмдарынын, ошондой эле мамлекеттин катышуусу бар телекөрсөтүү уюмдарынын телеканалдарынын Социалдык пакетине киргизилген жер үстүндөгү санариптик ободо жана спутниктик берүүлөрдө трансляциялоо кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген тарифтерге ылайык жыл сайын финансылык каражат карасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомуна жер үстүндөгү санариптик ободо берүүсүнүн телеканалдарынын Социалдык пакетин трансляциялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн эсептөөлөрдө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген тарифтерди колдонуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктундагы "жана туризм" деген сөздөр ", спорт жана жаштар саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 6-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2, 4, 5, 11, 18-пункттарындагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1, 2-пункттары;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-сентябрындагы № 663 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 828 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз…Положение · 23.06.2014 · № 349
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн…Постановление · 23.06.2014 · № 349
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.10.2014 · № 593
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2017 · № 442
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралы № 66 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетинин…Постановление · 06.02.2026 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябры № 451 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 08.09.2023 · № 451 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү…Постановление · 30.01.2018 · № 62 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн…Постановление · 03.07.2015 · № 440 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-сентябрындагы № 663 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн…Постановление · 25.09.2015 · № 663 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 828 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн…Постановление · 03.12.2015 · № 828 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн…Постановление · 06.06.2016 · № 300 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (12)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.10.2014 · № 593
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн…Постановление · 23.06.2014 · № 349
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2017 · № 442
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралы № 66 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетинин…Постановление · 06.02.2026 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү…Постановление · 30.01.2018 · № 62 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн…Постановление · 03.07.2015 · № 440 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-сентябрындагы № 663 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн…Постановление · 25.09.2015 · № 663 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 828 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн…Постановление · 03.12.2015 · № 828 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн…Постановление · 06.06.2016 · № 300 · Күчүн жоготкон
12 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.