Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-июлу № 442 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радаоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11. Социалдык пакеттин алкагында трансляциялануучу жана ретрансляциялануучу телеканалдарда жана/же радиоканалдарда чет элдик телекөрсөтүү жана радио уюмдары тарабынан берилүүчү жарнамаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталуучу көлөмдө жайгаштырууга жол берилет.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында Социалдык пакеттин алкагында телеканалдарды жайылтууга чыгымдарды жабуу үчүн жарнамалардын көлөмдөрүн аныктоону караштыруучу чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.10.2014 · № 593
- "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз…Положение · 23.06.2014 · № 349
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик ободо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин…Постановление · 04.03.2022 · № 111
Шилтеме берет (4)
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн…Постановление · 23.06.2014 · № 349
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик ободо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин…Постановление · 04.03.2022 · № 111
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон