Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонуу тартиби жана ага өтүү шарттары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомуна)
Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонуу тартиби жана ага өтүү шарттары жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонуу тартиби жана өтүү шарттары жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 394-беренесине ылайык иштеп чыгарылды жана чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонуу тартибин жана өтүү шарттарын аныктайт.
2. Жеке ишкер чекене сатуулардан салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына ылайык салыктарды төлөөгө укуктуу (мындан ары - салык төлөөчү).
3. Салык төлөөчү салыктын төмөнкү түрлөрүнөн тышкары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салыктарды төлөйт:
1) пайдага салык;
2) сатуудан салык.
4. Салык төлөөчүлөр жалданган жумушчулардын эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөдө жана төлөөдө ар бир жалданма жумушчуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитип берген формада ыктыярдуу патент алууга тийиш.
2-глава. Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүү шарттары
5. Товарларды сатуу, жумуш аткаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча иштеген жеке ишкер салык төлөөчү болуп саналат, эгерде:
1) катары менен акыркы 12 айдын ичинде көргөн пайдасынын көлөмү КНС боюнча каттоо босогосунун өлчөмүнөн ашпаса;
2) КНС боюнча салык төлөөчү болуп саналбаса.
6. Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын төмөнкүлөр колдонбойт:
1) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн субъекттер;
2) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары;
3) акциздик салык төлөөчүлөр;
4) коомдук тамактануу субъекттери;
5) курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери;
6) турак жай куруучулар.
7. Салык төлөөчү бир эле учурда башка салыктык режимдерди колдоно албайт.
8. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өтүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте соода операцияларын жүргүзүү же иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүүдө өндүрүштүк эсептөө формаларына карабастан ККМ колдонууга. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген техникалык талаптарга шайкеш келген ККМнын моделдерин гана колдонууга болот.
9. Катары менен 12 календардык айдын ичинде эки жолу ККМ колдонбоо фактылары аныкталган салык төлөөчү ушул фактылар аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга укугу жок.
10. Ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн фактылар аныкталганда салык органы ушундай фактылар аныкталган күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде салык эсептөө жана төлөөнүн жалпыга белгиленген тартибине которуу жөнүндө чечим чыгарат.
11. КНС боюнча каттоо босогосунан ашкан учурда КНС боюнча милдеттеме Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жалпыга белгиленген тартипте болот.
12. Ушул Жободо белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурларда салык төлөөчү шайкеш келбегендиги аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып жалпы салык төлөө жана эсептөө тартибине өтүүгө милдеттүү.
13. Эгерде ушул Тартиптин 12-пунктунун талаптарына ылайык салык эсептөө жана төлөөнүн жалпыга белгиленген тартибине өтө турган салык төлөөчү өтпөй койсо же убагында өтпөсө, шайкеш келбегендиги аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тарта салыктарды эсептөө жана төлөөнүн жалпыга белгиленген тартибиндеги салык төлөөчү деп таанылат.
3-глава. Эсепке алуу
14. Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга ниеттенген салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөн жери боюнча салык органына белгиленген тартипте арыз бериши керек.
15. Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
16. Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан ыктыярдуу түрдө чыгууда салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына бул чечими тууралуу тиешелүү арызын бериши керек. Бул учурда арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тарта чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан төлөөчү катары каттоодон чыгаруу күчүнө кирет.
17. Ушул Тартиптин ченемдерине ылайык чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан төлөөчү катары каттоодон чыгарылган салык төлөөчү чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына бул каттоодон чыгарылгандан кийинки катары менен 12 календардык айдан эрте кайрадан өтүүгө укугу жок.
18. Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынын төлөөчүсү катары каттоодон чыгарылган жана кайрадан ушул режимге өткөн салык төлөөчү үчүн ставка чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынын төлөөчүсү катары каттоодон чыгарылган жылдан кийинки иштеген жылдарда каралган ставка өлчөмүндө белгиленет.
19. Кийинки иштеген жылдарын эсептөө жана салык өлчөмүнүн ставкасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык өсүү мезгили менен жүргүзүлөт.
4-глава. Салыкты эсептөө тартиби
20. Салыктык милдеттенмени ай сайын эсептөө ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасынын негизинде эсептелет.
Салыктык мезгилде төлөөгө тийиш болгон салыктык милдеттенменин суммасын эсептөө салык базасын салык ставкасына көбөйтүү жолу аркылуу чыгарылат.
21. Салык төлөөчүгө салыктык мезгилде төлөөгө тийиш болгон салыктык милдеттенменин суммасы тууралуу билдирүү салык органы тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы же башка маалыматтык системалар (анын ичинен уюлдук байланыштын мобилдик тиркемеси) аркылуу отчёттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу салык органы бекитип берген формада берилет.
22. Билдирүүдө көрсөтүлгөн эсептеп чыгарылган салыктын суммасына макул болбогон салык төлөөчү 5 жумуш күндүн ичинде салык кызматынын органына салыктын эсептелген суммасын тактоо үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы же башка маалыматтык системалар (анын ичинен уюлдук байланыштын мобилдик тиркемеси) аркылуу кайрылууга укуктуу.
23. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы же башка маалыматтык системалар (анын ичинен уюлдук байланыштын мобилдик тиркемеси) аркылуу жөнөтүлгөн жана салык төлөөчү тарабынан такталбаган билдирүү белгиленген мөөнөттө милдеттүү аткарылууга тийиш.
24. Ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасынын же башка маалыматтык системанын техникалык бузулууларынан улам белгиленген мөөнөттө салыктык милдеттенменин эсептелген суммасы жөнүндө билдирүүнү албаган салык төлөөчү ККМнын отчеттук маалыматына ылайык салык төлөөгө милдеттүү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында салыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар…Постановление · 16.03.2021 · № 95 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2020 · № 356 · Күчүн жоготкон