Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомуна)
Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу кошуп эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2771-беренесине ылайык иштелип чыкты жана товарларды импорттоого кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) шарттуу эсептөөнүн шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө - КНСти төлөөнүн тартиби, ага ылайык салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо эсептелген КНСтин суммасын Кыргыз Республикасынын аймагынан бул товарларды андан ары экспорттоо шарты менен Казыналык системасында ачылган депозиттик эсепке төлөөгө милдеттүү;
2) бажы органынын депозиттик эсеби - үчүнчү өлкөдөн импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алууга арналган эсеп;
3) салык органынын депозиттик эсеби - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден (мындан ары - ЕАЭБ) импорттолуучу товарларга КНС төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары келип түшкөн каражаттар менен операцияларды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Казыналык системасында ачылган депозиттик каражаттарды эсепке алуу үчүн арналган эсеп;
4) эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, бул Жободо пайдаланылган башка терминдер жана аныктамалар салык мыйзамдарында жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда кандай мааниде пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.
2-глава. Колдонуу шарттары
3. Товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режими төмөнкүлөргө колдонулбайт:
1) патенттин негизинде салык төлөөчү субъекттерге;
2) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн субъекттерге;
3) инвестициялык фонддорго;
4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына;
5) акциз салыгынын салык төлөөчүлөрүнө;
6) коомдук тамактануу субъекттерине;
7) курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттерине;
8) зымсыз жана спутник байланышынын телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүчү субъекттерине;
9) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык төлөөчүлөргө.
4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон салык төлөөчү ушул режимге ылайык товарлардын импорту жана экспорту боюнча гана иш жүргүзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2771-беренесинде белгиленген режимди пайдаланган салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) катары менен келген 6 календардык айдын ичинде бир жолудан кем эмес, бул режимге ылайык экспорттоо менен товарларды импорттоону ишке ашырууга;
2) аталган режимге ылайык импорттолгон товарларды толук өлчөмдө экспорттоого;
3) салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөөгө.
6. Ушул главада белгиленген шарттарга дал келбеген учурларда салык төлөөчү кийинки салыктык мезгилдеги айдын 1инен тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн жалпы белгиленген тартибине өтөт.
3-глава. Каттоо тартиби
7. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ушул Жободо белгиленген тартипте товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөөнүн режимин колдонууга укуктуу.
8. Товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонууга ниеттенген субъект (мындан ары - салык төлөөчү) салык мыйзамдарында каралган тартипте салыктык катталуу жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
Салык төлөөчүнүн арызы, эгерде ал салык төлөөчү КНС салык төлөөчү болуп эсептелсе, бирдиктүү салыкты төлөөчү катары белгиленген тартипте каттоо жана КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу үчүн негиз болуп эсептелет.
9. Салык төлөөчүнүн арызынын негизинде салык органы белгиленген тартипте салык төлөөчүнүн салык режимин өзгөртүүнү каттайт.
10. Салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонуу күнү болуп, салык төлөөчү товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнү эсептелет.
4-глава. Товарлардын импортунда режимди колдонуу тартиби
11. Үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органынын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект катары салык төлөөчүнү каттоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоосун берүү менен товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу жөнүндө бажы органына арызы менен кайрылат.
Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу каттоо ырасталган учурда жазуу жүзүндөгү ырастоо талап кылынбайт.
12. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект катары катталганын тастыктоодон кийин салык төлөөчү КНСтин шарттуу эсептелген суммасындагы акча каражаттарын (депозитти) бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте бажы органынын депозиттик эсебине төлөйт.
13. Салык төлөөчү бажы органына ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан кийинки ташып чыгуу жөнүндө милдеттенмени берет.
14. Бажы органы ушул Жобонун 8-10-пункттарында каралган, аткарылган жол-жоболордун, ошондой эле товарларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жасоо үчүн керектүү сунушталган документтердин негизинде товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
15. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарлар чыгарылган күндөн кийинки 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына салык төлөөчүнүн ИСНин, товарларга декларациянын номерин жана КНСтин шарттуу эсептелген суммасын камтыган маалыматтарды жиберет.
16. Салык төлөөчү ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо шарттуу түрдө эсептелген КНСтин суммасын салык органынын депозиттик эсебине импорттолгон товарларды эсепке алган айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен төлөйт.
Салык төлөөчү тарабынан товарлардын импортуна шарттуу эсептелген КНСтин суммасы депозиттик эсепке өз убагында киргизилбеген учурда, салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте депозиттик эсепке сумманы киргизүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып депозиттик эсепке сумманы салуу боюнча милдеттенмени аткаруунун мөөнөтү өтүп кеткен ар бир календардык күн үчүн туум чегерүүнү жүргүзөт.
17. Салык органына кыйыр салыктар боюнча отчет берилген учурда салык төлөөчү КНСтин шарттуу эсептелген суммасын салык органынын депозиттик эсебине төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн берет.
5-глава. Товарлардын импортуна КНСтин шарттуу эсептелген суммасын кайтарып берүү тартиби
18. Салык төлөөчү депозиттик каражаттарды кайтарып берүү максатында 180 күндүн ичинде ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз менен тийиштүү салык органына, бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык белгиленген форма боюнча бажы органына кайрылат.
Арызга салык төлөөчү күбөлөндүргөн төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
1) үчүнчү өлкөлөргө экспорттогондо:
- товарларга экспорттук декларация;
- товарды коштоочу документтер;
- кагазга басылып чыгарылган электрондук эсеп-фактура;
- товарларды жеткирүүгө келишим;
- салыктык карызынын жоктугу тууралуу маалым кат же салыктык карызынын бар экендиги тууралуу маалымат;
- импортко КНС боюнча карызы жок экендиги жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым каты.
2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттоодо:
- аймагына товарлар импорттолгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан тастыкталган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз;
- товарды коштоочу документтер;
- кагазга басылып чыгарылган электрондук эсеп-фактура;
- товарларды жеткирүүгө келишим.
Эскертүүсү: Берилген Жобонун 18-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 18-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
19. Тиешелүү салык/бажы органы салык төлөөчү берген документтерди изилдейт (текшерет) жана алар ушул Жобонун талаптарына ылайык келген учурда, салык төлөөчү арыз берген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен, товарлардын импортуна карата КНСтин шарттуу эсептелген суммалары боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебине төлөнгөн депозиттик каражаттарды кайра кайтаруу жөнүндө чечим чыгарат.
Депозиттик каражаттар салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздары жана товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмени кошкондо, бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карыздары жок болсо гана кайра кайтарылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу салык органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жолу менен салыктык карызы, бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоону сурап алышат. Салыктык карызы, бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча карызы бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу тастыкталган учурда жазуу жүзүндөгү тастыктоо берилбеши мүмкүн.
20. Эгерде салык төлөөчүнүн арызында башкасы айтылбаса, депозитти кайра кайтаруу аны төлөө жүзөгө ашырылган салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебине жүргүзүлөт.
Салык төлөөчүнүн арызы боюнча депозиттик каражаттар башка салыктар, бажы төлөмдөрү боюнча милдеттенмелерди аткаруунун жана/же алдыдагы мезгилдердин салыктык жана бажылык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуунун эсебине пайдаланылышы мүмкүн. Товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмени кошкондо, салыктардын башка түрлөрү боюнча карыздар болгон учурда салык төлөөчүнүн арызы боюнча депозиттик каражаттар карызды аткаруу эсебине которулат.
21. Товарлардын экспорту белгиленген мөөнөттө тастыкталбаган учурда, депозиттик эсепке киргизилген импортко КНСтин суммасы салык мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык туумду эсептөө менен бюджетке которулат.
Товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 1-тиркеме
_______________________ _______________________ начальнигине
_________________________________ (бажы органынын аталышы)
Кыргыз Республикасынын аймагынан кийин товарларды ташып чыгаруу жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ ________________________________________________________________ (товардын аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, наркы, саны)
Импорттоочу: ____________________________________________________________________________ (аталышы, ИСН, ОКПО, уюмдун дареги же жеке жактын аты-жөнү, дареги) Декларациялануучу товар (*): № _____________________________________________________________________________________; № _____________________________________________________________________________________. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2771-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды кийин ташып чыгаруу менен импорттолот. Депозиттик сертификат катары КНС төлөө боюнча милдеттенмени аткарууну камсыз кылуу: ________________________________________________________________________________________ (депозиттик сертификаттын номери, датасы, суммасы) Товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчүнүн каттоосун ырастаган документ ________________________________________________________________ (номер, документтин датасы, ырастама берген орган)
Жетекчи ___________________________________________________________________________________ (колу, аты-жөнү)
М.О. ______________________________________________________________________________________
(дата)
Эскертүү: (*) Бажы мыйзамдарына ылайык ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланышкан товарларды чыгаруу үчүн керектүү болгон товар коштоочу документтер берилет. (**) Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу каттоо ырасталган учурда жазуу жүзүндөгү ырастама берилбеши мүмкүн.
Товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 2-тиркеме
DOC STI-160 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
Товарларды импорттоого шарттуу чегерилген кошумча нарк салыгынын суммасын депозиттик эсептен кайтаруу жөнүндө АРЫЗ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында салыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар…Постановление · 16.03.2021 · № 95 · Күчүн жоготкон