56-статья. Ички бажы транзитин аяктоо
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
1. Ички бажы транзити аяктаган, жеткен жеринде, товарлардын ички бажы транзитинин аякташы мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок транспорттук каражатын каттоо учурунан 24 сааттан кечиктирилбестен жол-жоболоштурлат, эгерде документтерди текшерүүдө жана товарларды идентификациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулар ачылган болбосо.
2. Ички бажы транзитин аяктоо үчүн жүк ташуучу транзиттик декларацияны көрсөтүүгө, берүүгө, ошондой эле товарларга карата колундагы башка документтерди товарлар жеткирилүүчү жерге транспорттук каражат келген учурдан тартып бир сааттын ичинде, ал эми бажы органдын иштөө убактысынан тышкары мезгилде келгенде ошол бажы органдын иши башталган учурдан тартып бир сааттын аралыгында берүүгө милдеттүү. Темир жол менен товарларды ташууда аталган документтерди берүүнүн мөөнөтү 12 сааттан ашпоого тийиш.
3. Ички бажы транзитинин аякталышына чейин товарлар жеткирилүүчү жерде транспорттук каражаттар бажы контролундагы зонада жайгаштырылат.
4. Бажы органы жайгашкан жер болуп саналбаган товарлар жеткирилүүчү жерге товарларды ташууда, ички бажы транзитинин аякталышы, жеткен жериндеги бажы органына товарларды көрсөтүүсүз жүзөгө ашырышы мүмкүн.
Ички бажы транзитин жүзөгө ашырган жак, товарларды сактоого кабыл алууга, товарлар жеткирилүүчү жер катары аныкталган товарлардын абалын өзгөртүүгө алардын таңгактоосунун бузулушуна алып келүүчү убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына же башка жерге товарлардын жеткирилишин бажы органы ырастамайынча алар тарабынан пайдаланышын жана тескөөсүн камсыз кылууга милдеттүү.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
56-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
- "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЖЫЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ" (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-августундагы № 498 токтому менен жактырылды)Проект · 29.08.2014 · № 498 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №378 "Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2012 · № 378
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 30.12.2011 · № 257 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-56" title="56-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>