Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
55-статья. Ички бажы транзитинде жүк ташуучунун жана экспедитордун жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
1. Кабыл алуучу бажы органынын иш регионунда турган бажы контролунун зонасына чет өлкөлүк товарлар кем жеткирилген учурда, жүк ташуучу ал товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда төлөөгө тийиш болгон бажы алымдарынын, салыктардын тийиштүү суммасынын өлчөмүндө ташып келүү бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө милдеттүү. Мында, эгерде ички бажы транзитин экспедитор ишке ашырса, (48-статьянын 2-пункту), бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти экспедитор тартат.
Товар, алардын бажы наркы, саны жөнүндө так маалыматтар жана бажы төлөмдөрүн эсептөөгө таасир этүүчү башка маалыматтар жоктугуна байланыштуу бажы алымынын, салыктарынын суммасынын так өлчөмүн аныктоо мүмкүн болбогон учурда, бажы органына бажы алымдарын (266-статья) төлөөнү камсыз кылуу суммасы төлөнөт. Мындай акы төлөнгөн күндөн баштап бир жылдын ичинде товарлар жөнүндө так маалыматтар белгиленгенде ушул Кодекстин 37- жана 38-главаларына ылайык белгиленген тартипте төлөнгөн бажы алымынын, салыктарынын кем алынган суммалар өндүрүлөт же ашыкчасы кайтарылып берилет. Товардын ордун алмаштыруучу жана иш жүзүндө товарды ээлигине алган жак товар кем жеткирилгенде бажы алымын, салыктарды төлөө үчүн жүк ташуучу же экспедитор менен тең жоопкерчилик тартат.
2. Жүк ташуучу, ушул Кодекстин 53-статьясында каралган өз милдеттенмелерин сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт эгерде ушул глава менен аныкталган шарттарды жана талаптарды бузбастан товарлар кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен жок болсо, бөлүнгөндө же биротоло жоголуунун же ташуунун (транспортировкалоонун) кесепетинен кадыресе шартында табыгый жол менен эскиргенде же кемисе. Жүк ташуучу, бажы органынын уруксатысыз товарларды түшүргөндүгү, кайра жүктөгөндүгү, таңгактарын ачкандыгы же кайра таңгактагандыгы, товарларды идентификациялоо каражаттарын өзгөрткөндүгү, алып койгондугу, жок кылгандыгы же бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт, эгерде мындай операциялар жүргүнчүлөрдүн жана транспорт каражатынын экипажынын өмүрүнө жана ден соолугуна, товарлардын жана транспорт каражатынын жок болушуна, жоголушуна, биротоло жоголушуна же олуттуу бузулушуна реалдуу коркунуч келтирилгендигинен улам жасалса.
3. Жүк ташуучу жана экспедитор, бажы алымдарын, салыктарын төлөө үчүн жоопкерчилик тартышпайт, эгерде товарлар кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктардын кесепетинен жок болсо, же биротоло жоголсо же ташуунун (транспортировкалоонун) кадыресе шартында табигый жол менен эскирсе болбосо кемисе.
Эгер ушул глава менен аныкталган башка шарттар жана талаптар аткарылса, бажы органдары жүк ташуучуга же экспедиторго жүк ташуу аныкталбаган маршруттар боюнча ташылбагандыгынын болбосо ички бажы транзитинин мөөнөтү бузулгандыгынын негизинде бажы алымдарын, салыктарды төлөө жөнүндө талап коюуга укуксуз.
4. Ички бажы транзитинде товарлар башка транспорт каражатына кайра жүктөлгөн учурда, ушул глава менен белгиленген шарттарды жана талаптарды сактоо үчүн жоопкерчилик ошол транспорт каражаты менен товар ташыган жүк ташуучуга жүктөлөт. Мында ички бажы транзитинде жүк ташуучу же экспедитор бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 15-жылдын 8-майындагы № 195-б (Протоколдордун долбоорлорун жактыруу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 08.05.2015 · № 195-р
- КР Өкмөтүнүн буйругуРаспоряжение · 04.05.2015 · № 193-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы № 591-б (2014-жыллын 29-майынлагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин…Распоряжение · 22.12.2014 · № 591-р
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
- "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЖЫЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ" (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-августундагы № 498 токтому менен жактырылды)Проект · 29.08.2014 · № 498 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
- 48-статья
- 53-статья. Ички бажы транзитинде жүк ташуучунун жана экспедитордун жоопкерчилиги
- 251-статья
- 266-статья
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-55" title="55-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>