320-статья. Товарларды, транспорттук каражаттарды кароо жана
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 44-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 марта 2009 года № 90
аларды бажы жагынан жеткире кароо
1. Бажы органынын кызматкерлери тарабынан товарлардын жана транспорттук каражаттардын, анын ичинде эларалык почта жиберүүлөрүн, жеке жактардын жүгүнүн каралышы жана аларды бажы жагындагы жеткире кароо бажы контролдугу астындагы товарлардын мүнөзү, түбү, абалы, саны жөнүндө, товарларда, транспорттук каражаттарда жана алардын жүк салынуучу жайларында бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана башкалар басылган идентификациялоо каражаттарынын бар экендиги жөнүндөгү маалыматтардын тастыктоосун алуу максатында жүргүзүлөт.
2. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо - бажы контролунун максаттары үчүн товарларды, жеке жактардын жүгүн, транспорттук каражаттарды, жүк салынуучу сыйымдуулуктарын, бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана товарларды идентификациялоонун башка каражаттарынын бар же жоктугун тышынан көз жүгүртүп каралат, эгерде мындай кароо транспорттук каражаттарды же анын жүк салынуучу жайларын ачпастан жана товарлардын таңгагын бузбастан кароо менен байланыштуу болбосо.
3. Бажы контролунун зонасында товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо декларант, товарлар жана транспорттук каражаттар жагынан ыйгарым укуктарга ээ болгон жактар жана алардын өкүлдөрү жок учурда жүргүзүлүшү мүмкүн, буга аталган адамдар кароо ниетин билдирген учурлар кирбейт.
4. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароонун жыйынтыктары боюнча товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар билдирилген маалыматтарга жана көрсөтүлгөн документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бүтүндүгүнүн же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилеринин бүлүнгөнү аныкталганда, кароону жүргүзгөн бажы органынын кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү формада акт түзүлөт. Актынын экинчи нускасы, кароонун жыйынтыктары менен товарларга жана (же) транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка тапшырылат.
5. Бажы жагынан жеткире кароо - товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо, ал товарлардын таңгагын же транспорттук каражаттардын жүк салынган жайларын же сыйымдуулуктарды, контейнерлерди жана товарлар болушу мүмкүн болгон башка жерлерди ачуу менен байланышкан.
Бажы жагынан жеткире кароо, эреже катарында, товарларга бажы декларациясы берилгенден кийин жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келинүүчү товарларга бажы декларациясы берилгенге чейин бажы жагынан жеткире кароо бажы максаттары үчүн товарларды идентификациялоо максатында же бажы мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө маалымат болгондо мындай маалыматты текшерүү, ошондой эле тандап текшерүү принцибин сактоо менен тобокелдикти башкаруунун негизинде бажы контролун өткөрүү максатында жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Жеткире кароодо декларант, товарлар жана (же) транспорт каражаттары жагынан ыйгарым укукка ээ болгон дагы башка жактар же алардын өкүлдөрү катыша алат, ал эми бажы органынын кызматкерлеринин талабы боюнча катышууга милдеттүү. Жүк ташуучу тарабынан атайын ыйгарым укук берилген өкүл жок болгондо транспорттук каражатын башкарган жеке жак ушундай өкүл болуп саналат.
7. Бажы органы декларант, товарлар жана (же) транспорттук каражаттар жагынан ыйгарым укукка ээ болгон дагы башка жактар же алардын өкүлдөрү жок учурда товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жеткире кароону жүргүзүүгө төмөнкүдөй учурларда укуктуу:
1) товарлар жана транспорттук каражаттар бажы органдарына берилгенден тартып 15 күн өткөндөн кийин аталган жактар келбегенде;
2) мамлекеттик коопсуздукка, коомдук тартипке, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, жаныбарларга, өсүмдүктөргө, жаратылыш айлана-чөйрөсүнө, маданий дөөлөттөрдү сактап калууга коркунуч бар болгондо жана кечиктирүүгө болбой турган башка кырдаалдарда;
3) товарларды эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөткөндө (29-глава);
4) товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы режиминин шарттарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына калтырганда.
Аталган учурларда товарларды жана транспорттук каражаттарды жеткире кароо калыс күбөнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.
8. Эгерде бажы декларациясында көрсөтүлгөн товарлардын бир бөлүгү бир аталыштагы товар катары жеткире кароого алынган болсо, анда мындай жеткире кароонун натыйжалары бажы декларациясында көрсөтүлгөн бардык ушундай товарларга жайылтылат. Декларант же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон дагы башка жак, эгерде жеткире кароонун натыйжалары бардык товарларга жайылтылышы мүмкүн эмес деп эсептесе, товарлардын калган бөлүгүнө кошумча жеткире кароо өткөрүүнү талап кылууга укуктуу.
9. Бажылык кароонун жыйынтыктары боюнча товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар билдирилген маалыматтарга жана көрсөтүлгөн документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бүтүндүгүнүн же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилеринин бүлүнгөнү аныкталганда, бажы органынын кызматкери тарабынан кароонун актысы эки нускада түзүлөт. Бажы жагындагы жеткире кароо өткөрүлгөндүгү тууралу актыда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
бажы жагындагы жеткире кароо өткөргөн бажы органынын кызматкерлери жана аны өткөргөндө катышкан адамдар жөнүндөгү маалыматтар; бажы жагындагы жеткире кароону декларант же товарларга жана (же) транспорттук каражаттардын карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жак болбогондо өткөрүүнүн себептери; жеткире кароонун натыйжалары. Актынын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен бекитилет. Актынын экинчи нускасы товарларга жана (же) транспорттук каражаттардын карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка же анын өкүлүнө тапшырылат. (КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
320-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт…Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы №587 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 17.09.2009 · № 587 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-320" title="320-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>