Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-12-31.
КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 28-марты № 90 Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5, 420-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 70-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Убактылуу сактоочу кампалардын инфратүзүмүнө, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2. 101-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Бажы кампаларынын инфратүзүмүнө, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
3. 320-статьяда:
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароонун жыйынтыктары боюнча товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар билдирилген маалыматтарга жана көрсөтүлгөн документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бүтүндүгүнүн же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилеринин бүлүнгөнү аныкталганда, кароону жүргүзгөн бажы органынын кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү формада акт түзүлөт. Актынын экинчи нускасы, кароонун жыйынтыктары менен товарларга жана (же) транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка тапшырылат."; 5-пункттан кийин "1." жана "2." сандары тийиштүүлүгүнө жараша "6." жана "7." сандарына алмаштырылсын; 9-пункттун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бажылык кароонун жыйынтыктары боюнча товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар билдирилген маалыматтарга жана көрсөтүлгөн документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бүтүндүгүнүн же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилеринин бүлүнгөнү аныкталганда, бажы органынын кызматкери тарабынан кароонун актысы эки нускада түзүлөт.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЖЫЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ" (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-августундагы № 498 токтому менен жактырылды)Проект · 29.08.2014 · № 498 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-февралындагы №74 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 03.02.2009 · № 74 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон