29-статья. Өлкөнүн өзүндө толугу менен чыгарылган товарлар
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Өлкөнүн өзүндө толугу менен чыгарылган товарлар деп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ошол өлкөнүн жер казынасынан, анын аймагындагы деңизден же деңиз түбүнөн казылып алынган пайдалуу кендер;
2) өлкөнүн өзүндө өстүрүлгөн же чогултулган өсүмдүк продукциясы;
3) өлкөнүн өзүндө туулган жана өстүрүлгөн тирүү жаныбарлар;
4) өлкөнүн өзүндө өстүрүлгөн жаныбарлардан алынган продукция;
5) өлкөнүн өзүндө аңчылык жана балык уулоонун натыйжасында алынган продукция;
6) деңизде балык уулоо промыселинин продукциясы жана ошол өлкөнүн кемеси болбосо ал ижарага алган (фрахталаган) кеме менен алынган деңиз промыслосунан башка продукциялар;
7) ошол өлкөнүн кайра иштетүүчү кемесинин бортунда алынган ушул статьянын 6-пунктчасында көрсөтүлгөн гана продукциялар;
8) ошол өлкөнүн деңизинин түбүнөн же аймактык деңизинен тышкары жердеги деңиз түбүнөн алынган продукция, ал өлкө ошол деңиз түбүн же деңиз алдындагы жер казынасын иштетүүгө өзгөчө укугу болгондо;
9) ошол өлкөдө кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк же башка операциялардын натыйжасындагы калдыктар жана темир сыныктары (экинчи жолу иштетилүүчү чийки зат), ошондой эле ошол өлкөдө чогултулган, мурда колдонуудагы буюмдар жана кайра иштетүү үчүн гана жарактуу болгон чийки зат;
10) ошол өлкөгө таандык же болбосо ижарага алган (фрахталаган) космос кемесинде ачык космосто алынган жогорку технологиянын продукциясы;
11) ушул статьянын 1-10-пунктчаларында көрсөтүлгөн продукциялардан гана ошол өлкөнүн өзүндө алынган товарлар.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 460-т (Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын…Распоряжение · 04.08.2023 · № 460-р
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 29.03.2019 · № 40
- Постановление Правительства КР от 18 апреля 1998 года №200 "О результатах третьего заседания рабочей группы ВТО, двусторонних переговоров со странами-членами ВТО и мерах по…Постановление · 18.04.1998 · № 200 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 137 "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына…Постановление · 14.03.2018 · № 137 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-29" title="29-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>