25-статья. Шарттуу чыгаруу
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2008 года № 196
1. Төмөндөгүдөй учурда:
1) эгерде бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөр менен коштолсо;
2) эгерде товарлар бажы кампасынын бажы режимине, алым төлөөсүз соода дүкөнүнө, бажы аймагында кайра иштетилүүгө, бажы контролу алдында кайра иштетилүүгө, убактылуу алып кирүүгө, реэкспортко, бажы транзитине, жок кылынууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинген товарларга карата колдонулуучу атайын бажы режимдерине коюлса;
3) эгерде товарлар "Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын ырастаган документтер менен маалыматтар берилбестен чыгарылса товарлар шарттуу түрдө чыгарылууга тийиш;
4) товардын убактылуу (шарттуу) бааланышында.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктер берилген шарттуу түрдө чыгарылган товарлар жеңилдиктер берилген тийиштүү шарттарга ылайык максаттарда гана пайдаланылышы мүмкүн.
Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастаган документтер берилбестен бажы органы тарабынан чыгарылып берилген, үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, анын ичинде аларды сатуу же башка ыкма менен ээликтен ажыратуу жолу менен өткөрүп берүүгө тыюу салынган, ал эми аталган товарларды ташып келүүгө карата чектөөлөр мындай товарлардын сапатын жана коопсуздугун текшерүүгө байланыштуу белгиленсе, аларды кандай формада болсун пайдаланууга (эксплуатациялоого, керектөөгө) тыюу салынат.
3. Шарттуу чыгарылган товарлар чет өлкөлүк товарлардын статусуна ээ болушат.
4. Эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга билдирме берилген товарлар, бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылса же бөлүп төлөө, берилсе шарттуу чыгарылган деп эсептелинет.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине автоунаа каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө"…Постановление · 17.03.2014 · № 157
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, ишканаларына жана мекемелерине автоунаа каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2014 · № 261
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 41 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-25" title="25-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>