Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине автоунаа каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-марты № 157 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине автоунаа каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө автомобиль техникасын берүү жөнүндө макулдашууда каралган гранттын эсебинен алынган автоунаа каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине ыкчам башкарууга 21 автоунаа каражаты тиркемеге ылайык өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаа каражаттарын өткөрүп берүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигин кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына караштуу "Автотранспорттук бирикме" мамлекеттик ишканасы менен автоунаа каражаттарын тейлөөгө келишим түзүүлөрүн камсыз кылышсын.
3. Мамлекеттик органдар жана мекемелер белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык автоунаа каражаттарын ыкчам башкарууга өткөрүп алышсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автоунаа каражаттарын кайра каттоону жүргүзүшсүн.
4. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга жана мекемелерге автоунаа каражаттары ыкчам башкарууга өткөрүп берилген күндөн тартып бажы алымдарын жана салыктардын шарттуу эсептелген суммасын төлөө боюнча милдеттенме токтотулары белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 21-мартында № 20 жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 157 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине ыкчам башкарууга өткөрүп берилүүчү автоунаа каражаттарынын ТИЗМЕСИ
№
Мамлекеттик органдын аталышы
Автомашинанын чыккан жылы
Автомашинанын кузовунун номери
Автомашинанын кыймылдаткычынын номери
"Датум" маркасындагы автомашина
1
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
2012
LSKG5GC17CA215798
R9129005676
"Кадиллак" маркасындагы автомашиналар
2
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
2013
LSGGH59LODS045911
123550155
3
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
2013
LSGGH59L5DS046780
123560378
4
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
2013
LSGGH59L0DS046007
130240315
5
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
2013
LSGGH59LXDS044569
130040067
6
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
2013
LSGGH59L9DS044837
130040076
7
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
2013
LSGGH59L3DS045952
130040171
8
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
2013
LSGGH59L2DS045909
123560348
9
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
2013
LSGGH59L0DS045908
123550153
10
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
2013
LSGGH59L1DS045853
123550149
11
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
2013
LSGGH59L3DS045451
130280004
12
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
2013
LSGGH59L1DS046162
130040176
13
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
2013
LSGGH59LODS046301
130240258
14
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы
2013
LSGGH59L0DS046010
130040065
15
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
2013
LSGGH59L8DS045591
130040064
16
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги
2013
LSGGH59L0DS046671
123530512
17
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
2013
LSGGH59L0DS045391
130250842
18
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
2013
LSGGH59L0DS046668
130020136
19
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги
2013
LSGGH59L4DS052523
130370281
20
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги
2013
LSGGH59L8DS047275
130220261
21
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
2013
LSGGH59L1DS047277
130030188
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О введении в действие Таможенного кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.07.2004 · № 88 · Күчүн жоготкон