239-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 33-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2008 года № 196
1. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар төмөнкүдөй учурларда төлөнөт:
а) тандалып алынган бажы режимине ылайык товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштурууну жүргүзүүдө;
б) бажы жол-жоболорун орун алган жери жана/же бажы органдары иштегенден башка убакта жасаганда;
в) ушул Кодекстин 57-главасына ылайык бажы органдары алдынала чечим кабыл алганда.
2. Товар катары декларациялануучу товарларды, транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн товарлардын жана транспорттук каражаттардын бажы наркынын 0,15 пайызы өлчөмүндө бажы жыйымдарынан алынат, бирок мында алардын өлчөмү бажы органдарынын аталган операцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жасоого кеткен чыгымдардын болжолдуу наркынан ашпашы керек. Ушул статьянын 1-пунктунун б) пунктчасында көрсөтүлгөн иштерди аткарууда бажы жыйымдары эки эселенген өлчөмдө алынат.
3. Товарларды жана транспорттук каражаттарды декларациялоодо бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар төмөнкүдөй учурларда төлөнбөйт:
акысыз жардам (көмөк) көрсөтүү максатында бажы чегарасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда; нумизаттык максаттарга пайдалануудан тышкары акциздик маркаларды жана валюталарды бажы жагынан жол-жоболоштурууда; мамлекеттин пайдасына бажы режиминен баш тартуу билдирилгенде; аталган уюмдар экспонатка коюу максатында өздөрүнүн фондунда туруктуу сактоодо турган же убактылуу ташып келген маданий дөөлөттөрдү алып өтүү учурунда мамлекеттик жана муниципалдык музейлер, архивдер, китепканалар жана башка мамлекеттик же муниципалдык уюмдар бажы чегарасы аркылуу алып өтүүчү маданий дөөлөттөр жагынан убактылуу ташып келүүнүн жана реэкспорттун же убактылуу ташып чыгуунун же реимпорттун бажы режимин билдиргенде; ушул Кодекстин 30-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү трварларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда; товарларды оозеки же конклюденттик формада декларациялоодо; товарларга өзүнчө декларацияны бербестен аларды декларациялоодо; Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган башка учурларда. Алдынала чечим кабыл алуу үчүн жыйым 500 сом өлчөмүндө алынат. Алдынала чечим кабыл алууга негиз болгон товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда алдынала чечим кабыл алуу үчүн жыйымдын төлөнгөн суммасы кошуп эсептелүүгө тийиш. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
239-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (13)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы № 518-б (КМШга мүчө мамлекеттердин делегациялары алып кирүүчү товарларга, жабдууларга жана техникалар жүргүзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 08.10.2008 · № 518-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-майындагы № 222-б ( Жүк ташуучу, атайын жана жол-курулуш техникасын, өнөр жай жабдууларын пайдалануу менен газ өткөргүчтөрдүн түтүк ичиндеги…Распоряжение · 22.05.2015 · № 222-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги №246 "Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн бажылык тариздөөгө жана бажылык…Постановление · 17.04.2012 · № 246
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-январындагы № 7-б «SINOPEC JIANGHAN PETROLEUM GROUP CORP GUANGHUA HUBEI, CHINA»" компаниясы менен 2006-жылдын 14- ноябрындагы н/ж…Распоряжение · 15.01.2007 · № 7
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-сентябрындагы № 70-р (Авиаотунду алуу жана бөлүштүрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 08.09.2010 · № 70-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-майындагы № 208-б (Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлери үчүн турак жайларды курууда Кытай тарабынан жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.05.2012 · № 208-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 360-б (Бажылык тариздоо боюнча) буйругуРаспоряжение · 06.09.2013 · № 360-р
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 9 августундагы №259-б буйругуРаспоряжение · 09.08.2007 · № 259-Р
- Инструкция по применению таможенных режимов ( Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 28 декабря 2004 года № 961)Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 338 "Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2011 · № 338 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы №204 "Кыргыз Республикасындагы текстиль, тигүү жана эмерек тармагын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2012 · № 204 · Күчүн жоготкон
- "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЖЫЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ" (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-августундагы № 498 токтому менен жактырылды)Проект · 29.08.2014 · № 498 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-239" title="239-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>